[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2020-жылдын 4-марты                                                              Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Шынаа айылынын жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө.

     

            Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Шынаа айылынын жашоочуларынын арызын кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айылынын  Шынаа , Чон-Камыш участкасындагы жашаган тургундардын айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
    2. “Ак-Жол Плейсер” ишканасына 2 айлык сыноо мөөнөтү менен ишмердүүлүгүн жасоого уруксат берилсин.
    3. Сыноо мөөнөтүндө жергиликтүү тургундардын турмуш-тиричилигине зыян келтире турган фактылар аныкталса, жасап жаткан  ишин токтотуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан иш жүрөөрү эскертилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2020-жылдын 4-марты                                                              Ак-Жол  айылы.

    ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызын кароо жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызын кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. ОсОО “КМК Групп” ишканасынын директорунун арызы канааттандырылсын.
    2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өнөр –жай ,энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген 2029-жылга чейин жарактуу 6238 ТЕ лицензиясына негиз Кара-Тыт аймагынан 4,67 га жер аянты кварц кумун жана каолин кенин казып иштетүү үчүн берилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2020-жылдын 4-марты                                                              Ак-Жол  айылы.

    Айыл өкмөтүнүн борборундагы эс алуу паркына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаралиев Бекмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси Айыл өкмөтүнүн борборундагы эс алуу паркына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаралиев Бекмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери , 3 “Кызыл Жылдыз” орденинин ээси Ак-Жол айылынын тургуну Сапаралиев Бекмырзанын ысымы Ак-Жол айылынын борборундагы эс алуу паркына ыйгарылсын.
    2. Эс алуу паркына ыйгарылган ардагер Сапаралиев Бекмырзанын жакындарына эс алуу паркын жолго коюуга жакындан жардам берүүлөрү милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2020-жылдын 4-марты                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Кызыл-Бейит , Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын жазган арызын кароо жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги    4 маселеси Кызыл-Бейит , Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын жазган арызын, ыйгарым укуктуу өкүл жана аким менен жолугушуудагы каралган маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Көтөрүлгөн архивдик маалыматтар боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы Разан-Сай , Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдары Ак-Жол айыл аймагынын карамагында эмес экендиги белгиленсин.
    2. Мындан ары айыл өкмөтү тарабынан Разан-Сай , Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын тургундарынын маселелери  үчүн айыл өкмөтүнөн каржылоо жагы токтотулсун.
    3. Бул маселе боюнча жергиликтүү тургундардын үнү , кайрылуулары мамлекеттик жетекчилик тарабынан жакшы көнүл бурулбагандыктан , Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлүп жаткан өкүлчүлүк жөнүндө тиешелүү кызматтарга маалымат берилсин.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2020-жылдын 4-марты                                                              Ак-Жол  айылы.

    Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) типтүү уставын бекитүү жөнүндө.

             

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXII -сессиясынын күн тартибиндеги 5-маселеси Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдында иштелип чыккан коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) типтүү уставы бекитилсин.
    2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап областык юстиция башкармалыгынан өткөрүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезесиз ХХII-сессиясынын

                                                       ТОКТОМУ №6

    2020-жылдын 4-марты                                                                      Ак-Жол айылы

     

    2020-жылга карата Аксырайондук  өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорду

    ишке ашыруу үчүн жергиликтүү боюджеттен  акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

     

              Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Фмнансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык КеңештинVII-чакырылышынын кезексиз ХХII-сессиясы

                                                              ТОКТОМ КЫЛАТ :

    1. Ак-Жол айыл аймагындагы эски мечитти оңдоп-түзөө менен калкты тейлөө максатында пластикалык эшик-терезе жасоочу ишканасы ачылсын.
    2. Пластикалык эшик-терезе жасоочу ишкана ачуу үчүн  Аксы райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор дайардалсын.
    3. Аксы райондук   өнүктүрүү фондусуна жазылган  долбоорго өздүк салым катары “Башкаруу аппаратынын” 2215    “ар түрдүү чыгымдар” элементинен  3111 “ башка имараттарды алуу жана куруу”беренеси аркылуу 100000( Жүз миң сом 00 тыйын) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
    4. Бул каражатты бөлүп берүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айыл аймактык

    Кеңештин төрагасы :                                                       Т. Батыралиев

     

    Posted by admin @ 08:50

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]