[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

     2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагындагы китепканалардын абалы, китепканачылардын элди тейлѳѳсү, мектеп окуучулары менен иш алып баруусу .

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын күн тартибиндеги    экинчи маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы китепканалардын абалы, китепканачылардын элди тейлѳѳсү,  мектеп окуучулары менен иш алып баруусу  айыл аймактык Кеңешинин билим берүү , социалдык маданий  жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы китепканалардын абалы жана анын материалдык –техникалык базасы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
    2. Бардык китепканаларда мектеп окуучулары менен байланыш басаңдап кеткендиги белгиленип, китепкана башчыларына китепкана фондун көбөйтүү , адабий-көркөм китептердин санын толуктоонун ,окуучуларды китепти окууга чакыруунун үстүндө иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
    3. Кээ бир китепканаларда китепти жакшы күтпөгөндүктүн натыйжасында ным тартып , жараксыз абалга келген китептердин санынын өсүп бара жаткандыгы эске алынып китепканачыларга өз учурунда китепкананы желдетип, китептин сакталышына кам көрүү жагы эскертилип , жараксыз китептерди акты менен жокко чыгаруу жагы милдеттендиирлсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

     

    Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын күн тартибиндеги    биринчи маселеси Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология, өнөр жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат И.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөнүн абалы “канааттандырарлык”экендиги белгиленсин.
    2. Аксы токой чарбасынын директору П.Жабайкуловго быйылкы жылы жашылдандыруу-көрктөндүрүүнүн үч айлыгы ичинде отургузулган көчөттөрдүн келечеги үчүн кам көрүп , бүткүл жамааты менен көчөттөрдүн сакталышы, өсүшү жана жетилүүсүнө милдеттүү экендиктери жеткирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнөн  жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,көчүп  келүү мөөнөттөрүн, жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, айып чегерүү акылары боюнча чыккан  буйрукту  кароо , бекитүү.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын күн тартибиндеги    үчүнчү  маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнөн  жакынкы , алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,көчүп  келүү мөөнөттөрүн, жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, айып чегерүү акылары боюнча чыккан  буйрукту  кароо , бекитүү жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаев жана айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын  жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII –сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,көчүп  келүү мөөнөттөрүн, жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, айып чегерүү акылары боюнча  2018-жылдын 13-апрель күнү чыккан №111-тескемеси бекитилсин.
    2. Айып акылар боюнча 2018-жылдын 27 –март айындагы жалпы элдик жыйындын жүрүшүндө түшкөн сунуштар жактырылсын  жана колдоого алынсын(элдик жыйында түшкөн сунуш тиркелет).

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

    13-апрель 2018-жылдагы  № 3 токтомунун тиркемелери.

    «27»«март»    2018-жыл.                     №                   

    Урматтуу  Ак-Жол айылдык  Кеңешинин депутаттары !

                       Урматтуу Темиркул Батыралиевич !

              Ак-Жол  айыл  Окмотү сиздерге  үстүбүздөгү жылдын 27-мартында  айыл  тургундары менен  районубуздун  акими  Масалбек  Мырзапарович  менен  жалпы элдик жыйында  эл тарабынан көтөрүлгөн маселелердин эң орчундуусу жана айыл  өкмөтүнун тургундарынын  көйгөйлөрүнун бири болгон  айып акылар маселесин  карап , айылдык  Кеңештин сессиясында мыйзам  катары кабыл алып  берүүңүздөрдү суранат.

    Алар:

    1. Таштанды маселеси. Сунуш түшкөн ,Үй-жайын ,айлана  тегерегин  таза кармабай,         өздорүно тишелүү сугат каналдарын тазалабай ,үйдөн чыккан  акыр-чикирди атайын  белгиленген жайга төкпөстөн  каалаган жерине таштачу болсо айып акы  500 сом.
    2. Ичимдик маселеси .Сунуш :Урууксат кагазы жок алкагольдук ичимдиктерди саткан  дүкөн башчыларына 1000 сомдон 3000 миңсомго айып салынсын.

    Ал эми атайын уруксат кагазы барларга  убакыт  чектелсин. Этең менен саат 11ден кечки 18 ге чейин. Башка мезгилде сатса 1000 сом айып төлөсүн.

    1. Мал ээлерине салынчу айып. Айыл өкмотүнүн буйругунда  көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин айыл ичинде жана эгин жайларда жүргөн малдарга: Кара мал-жылкыга 500 сом ,жандыктарга  50 сомдон. Ал эми кайрадан түшчү болсо Кара мал-жылкыга 1000 сом ,жандыктарга  100 сомдон. Ал эми айыл Окмотунун Тескемесинде корсотулгон мооноттон мурун кочуп келген атуулдарга жалпы элдин сунушун колдоп 10,000сом айып салуу жагы колго алынат. Эскертүү: Малды жылдагыдай  айдап келип  камабастан  жүргөн жеринде кароолчулар ,айыл башчылар ,жайыт комитетинин кызматкерлери аркылуу сурот,видео менен фактыланып  Акт тузулуп айып акы жонундо мал ээлерине  билдирилет .

    Урматтуу  депутаттар !  Мына ушундай   элди түйшөлткөн маселелерди  чечүүго   жогорудагы элдин сунушун  колдоп тиешелүү чечим  кабыл алып  берет деп  ишенемин.

    Башчы:                                           Б.Мырзагулов.

     


    13.04.2018-жыл                  № 111

    Айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында кызмат көрсөтүүнүн жана

    бада акыларын, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрүн жана

    айып акыларды белгилөө жөнүндө                                               

    ТЕСКЕМЕ

     Жазгы айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүү акыларын, мал багуучулардын бада акыларын, жазгы, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу, көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө, башка жактан мал алып келген атуулдарга акы төлөтүү, эгин талааларга түшкөн малдарга айып чегерүү акыларын белгилөө максатында

     ТЕСКЕМЕ КЫЛАМЫН:

    1. Жазгы айдоо, себүү талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан көрсөтүлчү кызматтар механизаторлор менен биргеликте талкууланып, 2018-жыл үчүн гана Тегене жайыгынан дың жерди бузуу жагы эске алынып, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын (1 га жерге):
    жер айдоо -2500 сом
    агет салуу -1300 сом
    малалоо -1000 сом
    1. Айыл ичиндеги жер аянттары короо-жайдын ичи болгондугуна байланыштуу, төмөндөгү баа туура деп табылсын (1 га жерге):
    жер айдоо -4500 сом
    агет салуу -2000 сом
    малалоо -1000 сом
    1. Жайкы чөп чабуу мезгилинде механизаторлордун эмгегин эске алуу менен, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын (1 га жерге):
    • косилка менен чөп чабуу – 1500 сом 
    • грабил тартуу – 800 сом
    • пресстөө – 15 сом (даанасына)
    1. Бадачылардын, жеке мал багуучулардын жазгы жайытка көчүп чыгуусунун акыркы мөөнөтү 30-апрелге, ал эми жайкы жайытка көчүп чыгуунун акыркы мөөнөтү 1-июнга белгиленсин (Аба ырайына карап, 7 күнгө уруксат берилет). Күзүндө жайлоодон көчүп келүү мөөнөтү 10-сентябрга белгиленсин (бул мөөнөттөр маршурту биздин территориядан өткөн бөлөк айыл өкмөттөрдүн бадачыларына да тиешелүү).
    2. Бада акысы 1 айга төмөндөгүдөй баада белгиленсин:

    -жандык малга 1 башка 60 сом (тузу ичинде).

    -кара малга, жылкы 1 башка 250 сом (тузу ичинде).

    Мал ээси тарабынан берилген туз малга сөзсүз берилүүсү жана жоголгон мал башка баш, жашка жаш төлөнүп берилүүсү бадачыга милдеттендирилсин.

    1. Белгиленген мөөнөттөн мурун көчүп келген атуулдарга салынуучу айып акынын өлчөмү ар бир айылдарда өткөрүлгөн чогулуштардын сунушуна жана эгинге түшкөн малга салынуучу айып акынын өлчөмү 27.03.2018-жылы Ак-Жол айылында өткөрүлгөн элдик жыйындагы сунушка негиз бекитилсин (тиркеме 1).
    2. Жайыттын тартыштыгына байланыштуу башка айыл аймактардан мал алып келбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы мал чарба адиси Т.Суеркуловго, Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевге жана Т.Нурманбетовго милдеттендирилсин.
    3. Эгерде, сырттан алынып келген мал болсо, ал үчүн КРнын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын негизинде ар бир кара мал,  жылкыга 200 сом, жандык малга 40 сом акы төлөтүү колго алынсын.
    4. Жандык малдарды жуутка түшүрүү акысы 1 баш жандык 10 сомдон, 1 баш жандыкты кыркуу 25 сомдон белгиленсин. Жуулбаган жандык малды бадага кошпоо жагы бадачыларга милдеттендирилсин.
    5. Бул буйрукту турмушка ашыруу жагы Жайыт комитетине, мал чарба адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
    6. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевге жана Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевге жүктөлсүн.
    7. Бул буйрукту бекитип берүү жагы айыл аймактык кеңешинин сессиясынан суралсын.

    Башчы:                                                                                                  Б.Мырзагулов


     


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайынын берилишинин абалы , А.Мырзабеков атындагы негизги жана Т.Тыныбеков  атындагы жалпы билим берүүчү мектептерин жетектеген мектеп жетекчилеринин жүргүзгѳн иштери жѳнүндѳ

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайынын берилишинин абалы , А.Мырзабеков атындагы негизги жана Т.Тыныбеков  атындагы жалпы билим берүүчү мектептерин жетектеген мектеп жетекчилеринин жүргүзгѳн иштери жѳнүндѳ айыл аймактык Кеңешинин билим берүү , социалдык маданий  жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин  жана мектеп жетекчилеринин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  аймагындагы  М.Сыдыков, Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү жана Ж.Орозалиев атындагы негизги мектебинде шашке чайын берүүнүн  абалы жана мектептин тазалыктары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
    2. Айыл  Окмотунун аймагындагы Разан-Сай айылындагы А.Жуманазаров атындагы жана А.Жолдошов атындагы башталгыч билим берүүчү  мектептериндеги  идиш-аяктарды коюучу , тамак ичүүчү жайдын тардыгы мектеп жетекчилигинин кемчилиги катары бааланып А.Жуманазаров атындагы башталгыч билим берүүчү  мектебинин жетекчисине чара көрүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
    3. Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жетекчиси Н.Жуманалиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иши “жакшы” деп табылып ал эми А.Мырзабеков атындагы негизги билим берүүчү мектебинин директору М. Асанбековдун  жүргүзгөн иштери “канааттандырарлык” экендиги  белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаны-Жол РЭС кызматкерлеринин жүргүзгѳн иштери, элди тейлѳѳдѳгү абалы жѳнүндѳ.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  VII — сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаны-Жол РЭС кызматкерлеринин жүргүзгѳн иштери, элди тейлѳѳдѳгү абалы жѳнүндѳ айыл аймактык Кенешинин айыл чарба, жаратылышты коргоо, экология,өнөр жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат И.Сатыбековдун билдирүүсун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги VII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн карамагындагы калктуу конуштарды тейлеп жаткан Жаңы-Жол РЭС кызматкерлеринин  жүргүзуп жаткан иштери кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
    2. Аксы РЭСи ишканасынын жетекчиси О.Байназаровго Жогорку Кеңештин депутаттарын  жана КР Президентин шайлоодо демөөрчүлөр тарабынан келип түшкөң трансформаторлорду орнотуп, баланска тартуу маселесин чечүү жагы милдеттендиирлсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кенешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.


     


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/1

    2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча малдарды идентификациялоонун жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн вет.инспекторунун отчету.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  VII — сессиясынын күн тартибиндеги  6/1 маселеси болгон Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча малдарды идентификациялоонун жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн вет.инспектору Т.Суеркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги VII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар арасында бодо малдарды идентификациялоо боюнча айыл өкмөтүнүн вет.инспектору Т.Суеркулов жетектеген  санитарлардын  жүргүзгөн иштери өз деңгээлинде экендиги белгиленүү менен Жолборсту айылынын тургундарынын кара малын өз учурунда ваксинация иштерин уюштурбагандыгы үчүн вет.инспектор Т.Суеркуловго эскертүү берилсин.
    2. Бодо малга тагылган биркалар үчүн акча каражатын өз учурунда топтоо, тез арада мамлекеттик кассага төгүү жагы  Т.Суеркуловго милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кенешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/2

    2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

    ОсОО “Север KG ”  ишканасынын жетекчиси Абдырахман уулу Курсантбектин кайрылуусу жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  VII — сессиясынын күн тартибиндеги  6/2  маселеси болгон  ОсОО “Север KG ”  ишканасынын жетекчиси Абдырахман уулу Курсантбектин кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын  жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги VII — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. ОсОО “Север KG ”  ишканасынын жетекчиси Абдырахман уулу Курсантбектин 19.03.2018-жылдагы кайрылуусуна жана 28.02.2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген 5857 СР лицензиясынын жана №1 лицензиялык макулдашуусунда көрсөтүлгөн  35.83 га жер аянтын 2020-жылдын 28-февралына чейин геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

     

    1. ОсОО “Север KG ”  ишканасынын жетекчиси Абдырахман уулу Курсантбекке чалгындоо иштерин жүргүзүү учурунда кен казып алуу жана сатуу иштерин жүргүзүүгө катуу тыюу салынсын жана мыйзам чегинде жоопкерчилиги суралары эскертилсин.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл чарба.турак-жай ,муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси Ы.Молорбаевке жүктөлсүн.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/3

    2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сейрек токой зоналарын көзөмөлгө алуу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  VII — сессиясынын күн тартибиндеги  6/3  маселеси болгон Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сейрек токой зоналарын көзөмөлгө алуу жөнүндө Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  депутаты И.Сатыбековдун жана айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын  жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги VII — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сейрек токой зоналарын көзөмөлгө алуу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып , өстүрүлүп жаткан дарактарды багуу , пайдалануу жана коргоо “Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин”  10-11 беренесине негиз жүргүзүлсүн.
    2. “Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин”  11-21-27-81- беренелерине ылайык айыл өкмөтүнүн аймагындагы токойдун санитардык абалын кароо жана башка иш чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
    3. Кыргыз Республикасынын 10.02.2009-жылдагы №97 –токтомуна негиз айыл өкмөтүнүн тургундары турмуш-тиричиликке пайдаланып жаткан отун үчүн айыл өкмөтүнөн 1м3 көлөмүнө 300 сом өлчөмүндө акы алынсын.
    4. Отун акысы учүн квитанция жана башка иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Ажыматовго милдеттендирилсин.
    5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология, онор жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча  туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

                            

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги VII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/4

    2018-жылдын 13-апрели                                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Турак –жай салуу  үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  VII — сессиясынын күн тартибиндеги  6/4  маселеси болгон Турак-жай салуу боюнча  жер аянтын трансформациялоо боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын  жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги VII — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т

    1. Ак-Жол айыл  өкмөтүнүн аймагындагы  калктуу конуштардагы  жаңы бөлүнүп жаткан жаш үй-бүлөлөргө жана турак-жай салуу үчүн кезекке турган 301жарандын арызын канааттандырууга  жер аянтынын  жоктугуна  байланыштуу айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын  жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жалпы 34 га жер аянтын  трансформациялоо  учур талабы экендиги белгиленип , негиздүү деп табылсын.
    2. Бул  токтомду  колдоп ,турмушка ашыруу үчүн  тиешелүү чечим чыгарып берүү жагы  Аксы  райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысынан  суралсын.

                           

      Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

     

     

    Posted by admin @ 09:33

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]