[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2018-жылдын 29-ноябры.                                               Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги    1- маселеси Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин  экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши негизинен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. Ак-Жол базарында сатуучулар жана кардарлар үчүн жакшы шарттарды түзүү , мал базарды ылайыкташтыруу жагы Ак-Жол базарынын жетекчиси  Н.Мырзабековго милдеттендиирлсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

    2018-жылдын 29-ноябры.                                                    Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин мамлекеттик жыйымдарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин мамлекеттик жыйымдарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин  экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкери Н.Мырзатаевдин 9 ай ичиндеги салык топтоодо жана мамлекеттик жыйымдарды жыйуу үстүндө жүргүзүп жаткан иштери  канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. Айыл чарбасына жараксыз жер аянттарынан алынуучу салыктарды өз убагында топтоо жана жылдын жыйынтыгы менен план тапшырмадан чыгуунун үстүндө иш алып баруу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н.Мырзатаевке милдеттендиирлсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.



           Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2018-жылдын 29-ноябры.                                                Ак-Жол  айылы.

    Айыл аймагындагы соц.объектилердин кышка карата даярдыгы. Майыптар менен иштөөнүн абалы , калктын аялуу катмарына берилип жаткан жардамдар  жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси Айыл аймагындагы соц.объектилердин кышка карата даярдыгы. Майыптар менен иштөөнүн абалы , калктын аялуу катмарына берилип жаткан жардамдар  жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин  Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Ж.Рыспаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагындагы социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы өз деңгээлинде экендиги белгиленсин.
    2. Айыл өкмөтү тарабынан калктын аялуу катмарына берилип жаткан жардамдар канааттандырарлык деп белгиленсин.
    3. Ак-Жол айыл өкмөтүндө майыптар менен иштөөнүн абалы канааттандырарлык экендиги , иш жүрүп жаткандыгы белигиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.

     



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2018-жылдын 29-ноябры                      Ак-Жол  айылы.  тел: 6-01-05

     

                           

    2019-жылга карата түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

     

                           Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  Финансы  жана Экономика бөлүмүнүн башчысы            С. Ажыматовдун   жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын   билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги Х-сесиясы 

                                                     Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1.  Шынаа айылындагы А.Жолдошов атындагы башталгыч мектепке ашкана куруу үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүлгөн долбоорго өздүк салым катары 2019-жылдын бюджеттик эсебинен 31112290 башка имараттарды алуу жана куруу статьясы аркылуу 197753 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.  

     

    1. Бул каражатты бөлуп берүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы  C . Ажыматовго  милдеттендирилсин.

     

    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевге  милдеттендирилсин.

     

     

           Төрага:                                                                     Т. Батыралиев

     

     


           


        Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/1

    2018-жылдын 29-ноябры.                                          Ак-Жол  айылы.

     

    Рыскулов Надырбек Оңолбаевичти Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу ” наамына  көрсөтүү жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги    5/1- маселеси Рыскулов Надырбек Оңолбаевичти Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу ” наамына  көрсөтүү жөнүндө Тегене айылынын тургундарынын айыл аймактык Кеңешине  жазылган Тегене айылынын айыл башчысы С.Токтогуловдун кайрылуусун  угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясы                

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Тегене айылынын Сырт ,Таштын-Башы участкаларына таза суу тартууда , Тегене айылынын элинин социалдык маселесин чечүүдө көрсөткөн зор жардамы үчүн Рыскулов Надырбек Оңолбаевичке  Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу ” наамы ыйгарылсын .
    2. Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу ” наамына көрсөтүлгөн  атуулдун тиешелүү  иш кагаздарын даярдап ,өткөрүү  жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.


                 


     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5/2

    2018-жылдын 29-ноябры.                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештеринин типтүү этикалык кодексин бекитүү.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги    5/2- маселеси Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештеринин типтүү этикалык кодексин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 29 –июлундагы 01-18/89-буйругунун 4-пунктуна негизбекитүү жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин  төраганын орун басары К.Оңоловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештеринин типтүү этикалык кодекси бекитилсин .
    2. Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин жалпы депутаттары  Кеңештеринин типтүү этикалык кодекси менен бекитилген жобонун негизинде  иш аракеттерин жүргүзүшсүн .

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.

                 


     


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/3

    2018-жылдын 29-ноябры.                                            Ак-Жол  айылы.

    Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун типтүү регламенти жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги    5/3- маселеси Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун типтүү регламенти жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24 –июлундагы 01-76/188-буйругунун 4-пунктуна негиз айыл аймактык Кеңешинин  төраганын орун басары К.Оңоловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун типтүү регламенти бекитилсин .
    2. Ак-Жол айыл аймагынын Аксакалдар сотуна өз ишмердүүлүгүн   Аксакалдар сотунун Типтүү регламентинин  негизинде  иш аракеттерин жүргүзүүү жагы милдеттендирилсин  .

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/4

    2018-жылдын 29-ноябры.                                                     Ак-Жол  айылы.

    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги    5/4- маселеси Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөңүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17 –октябрындагы 01-18/126-буйругу менен бекитилген Типтүү жобо менен таанышып , талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобо бекитилсин .
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча атайын комиссия түзүлсүн жана түзүлгөн комиссия өз ишмердүүлүгүн   Кыргыз Республикасынын Конституциясын , Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексин жана башка ченемдик укуктук актыларды  ушул Типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.
    3. Түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык –техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х- сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5/5

    2018-жылдын 29-ноябры.                                               Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2018-жылдын

    13-апрелиндеги 6/1 жана 2018-жылдын

    13-июнундагы 3/2 сандуу токтомдору жөнүндө

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  Х — сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү 5/5маселеси боюнча Аксы  райондук прокуратурасынын 26-ноябрь 2018-жылдагы №11/1-1535номери  менен чыккан  Каршылык билдирүүсү жөнүндө    айылдык Кеңештин катчысы К Сатыбековдун билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  Х- сессиясы

                                            Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги 6/1 жана 2018-жылдын 13-июнундагы 3/2 сандуу  кабыл  алынган  токтомдору Аксы  райондук прокуратурасынын 26-    ноябрь 2018-жылдагы №11/1-1535номери  менен чыккан  Каршылык билдирүүсүнө негиз  жокко чыгарылсын.
    2. Айылдык Кеңештин кабыл алган бул токтому  жөнүндө  Аксы  райондук  прокуратурасына маалымат берүү  Кеңештин катчысы К . Сатыбековго  жүктөлсүн.

     

    Ак –Жол    айылдык  аймактык                                                                                                                     Кеңешинин  төрагасы:                        Т.Батыралиев.

    Posted by admin @ 13:42

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]