[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 1

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгы жөнүндө

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII -сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси боюнча Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г Бостонованын жана мекеме ишканалардын жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагындагы мекме-уюмдардын 2022-2023-жылдардын кыш айларына карата даярдыктары төмөндөгүдөй белгиленсин:
    — М Сыдыков мектебине 120т көмүр түшкөн, Жылуулук жакшы,Мектептин айнектери кошумча жылууланган, От жагуучу тех кызматкерлер атайын кийим менен камсыз кылынган,жалпы жылуулук 18-29.
    — Жолдошов мектеби боюнча 18т түшүрүлгөн.Мектептин жылуулугу 17-18 .2бөлмөсү нө жылуулук жетпейт.
    — О Ташкулов мектебинде жылуулук 17-18. 15т көмүр түшкөн.От жагуучу бөлмө талапка жооп бербейт.
    — А Султамуратов атындагы мектепке чейинки билим беруу мекемесинде кышка карата даярдык талапка жооп берет.Жылуулук абдан жакшы.Көмүр тушкөн15т.
    — Т Тыныбеков атындагы мектепке 32т көмүр түшкөн.Жылуулук жакшы
    — Ийгилик,Байчечекей бала бакчаларында жылуулук жакшы болбогондуктан электр жылыткычынан буу менен жылытууга өтүү зарылдыгы келип чыгууда.
    2. Ак-Жол айыл аймагындагы мекеме-ишканалардан кышка карата даярдык боюнча М Сыдыков атындагы жалпы билим берүүчү мектептин жана А Султамуратов атындагы мекетепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчилигинин жургүзгөн иши эң жакшы деп табылсын.Ал эми калган билим берүүчү мекемелер жана бала бакчалар дын жетекчилигине көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү үстүндө ишалып баруу жагы милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 2

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII -сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси боюнча Экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалы Чолпоналиевичтин маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салыкчысы Сатыбалдиев Ыманалынын мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултууда жүргүзгөн иши канааттандырарлык деп табылсын.

    4. 2022-жылдын 18-январындагы”Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү №4-мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнун негизинде Ак-Жол айыл аймагында экономикалык пландалуу коефициенти 1 өлчөмүндө белгиленсин

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 3

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин жыл ичинде жүргүзгөн иши жана мал башына чогулуучу акча каражатынын абалы жөнүндө.
    Мыйзам
    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги X -сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча Экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалы Чолпоналиевичтин билдирүүсүн жана салык кызматкери Ы Сатыбалдиевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    5. Ак-Жол айыл өкмөтүнун алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Коңурбаев Абдыбалинин 2022-жылга карата кабыл алган иш планы аткарылганы жана мал үчүн чогултулуу акча каражаты толук топтолгондугу белгиленсин.

    6. Жайыт комитетинин төрагасынын жана эсепчисинин эмгек акысын көтөрүү боюнча маселе жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн сунушуна негиз мыйзамдуу жагы каралсын

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У №4

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.
    Райкамол, Кара-Тыт,Разан-Сай,Кызыл-Бейит
    айылдарынын айыл башчыларынын эл
    менен жүргүзгөн иштери жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII -сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси боюнча Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К Оңоловдунбилдирүүсүн жана айыл башчылардын маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    7. Райкомол,Разан-Сай, кызыл-Бейит айылдарынын айыл башчыларынын айыл тургундары менен иш алып баруусу К.Р. Өкмөтүнүн жүргүзгөн саясатын калктын калың катмарына жеткирүүсү жана учурдагы уюштурууу иштерин колго алуусу талапка жооп берерлиги белгиленсин.

    8. Райкомол айылынын айыл башчысы И Токтобаевдинжана Кызыл-Бейит айылынын айыл башчысы Романов Кульчоронун калктын калың катмары менен иш алып баруусу , айыл өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмалардын өз учурунда сапаттуу аткрылышы жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин. Ал эми РазАн-Сай айылынын айыл башчысынын иш алып баруусу талапка жооп берет деп табылсын.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    ы

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5/1

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.

    “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасынын
    жыл ичинде жүргүзгөн жүргүзгөн иштери жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII -сессиясынынкүн тартибиндеги бешинчи маселесинин 1пункту болгон” Ак-Жол Тазалык” муниципалдыкишканасынын жыл ичинде жүргүзгөн жүргүзгөн иштери жөнүндө
    Экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалы Чолпоналиевичтин билдирүүсүн жана ” Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Нурманбетовдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1,“Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасы райондун аймагындагы 4 айыл өкмөтүнун ортосунда белгилүү бир максатта уюшулгандыгы белгиленсин.
    2.Учуда “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иши бир багытта гана жүргүзүлуп жаткандыгын аныктоо менен таштандыларды чыгаруунун эффектидүү жолун табуу жагы колго алынсын

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5/2

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынынКечүү айылына жаңы
    курулган мечитти айыл өкмөтүнүн балансына
    өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII -сессиясынынкүн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/2 пункту болгон Ак-Жол айылаймагынын Кечүү айылына курулган мечитти айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнун айыл-чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылынын тургуну Кулушов Замир Тагайбековичтин өз макулдугунун негизинде жеке менчигиндеги турук-жайынын ордуна курулган мечитти айыл өкмөтүнун балансын тартууга макулдук берилсин.

    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү иш кагаздарды даярдоо айыл өкмөтүнүн айыл-чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековго милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    ы

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5/3

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.

    . Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол
    айыл өкмөтүнүн ортосундагы кээ бир
    жер аянттарын алмашуу жөнүндө

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII –сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 3 пункту болгон Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы кээ бир жер аянттарын алмашуу жөнүндө
    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн айыл-чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 15- октябрында кабыл алган №2- токтому күчүндө деп табылсын.
    2. 15-октябрь 2019-жылы кабыл алынган №2-токтомдун 2-пунктундагы алмашууга коюлган жер аянттарын толугу менен алмаштырууга макулдук берилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Жол айыл аймагынын башчсы Т Султамуратовго жүктөлсүн.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5/4

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу”
    наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII –сессиясынын күнтартибиндеги бешинчи маселесинин 4 пункту болгон Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу “наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл аймагынын жооптуу катчысы К Сатыбековдун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигинин Улуттук онкология жана гематология борборунун кызматкериТургунбаев Уланбек Айтбаевичке Ак-Жол айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн Ак-Жол айыл аймагынын “ Адактуу атуулу” наамы ыйгарылсын..
    2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап , наамды тапшыруу аземин уюштуруу жагы Ак-Жол айыл аймагынын жооптуу катчысы К Сатыбековго милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5/5

    2022-жылдын 24-декабры Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл аймагында көктөндүрүү,жашылдандыруу,
    тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII –сессиясынын күнтартибиндеги бешинчи маселесинин 6 пункту болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнун башчысы Т Султамуратовдун 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 166-б буйругун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагыПЖ№305-жарлыгына негиз КР Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызматжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин2022-жылдын 16-ноябрындагы №261”Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча башкаруунун типтүүтартибин бекитүүжөнүндө”№262-айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү ,жашылдандыру,тазалыкты сактоо боюнча типтүү жоболорго ылайык иш алынып барылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.
    3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик
    укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы
    Сатыбековго милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Posted by admin @ 09:19

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]