[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын ТОКТОМУ №5

    Ак-Жол айылы                                                                2024-жылдын 19-январы

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2023- жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын кун тартибиндеги бешинчи маселеси боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчетун жана 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышын жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү долбоорун карап чыгып, талкуулап айыл аймактык Кенешинин VIII — чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
    2. Жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы№1 тиркемеге негиз кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынсын.
    3. Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү (№2тиркеме)чыгаша бөлүгү (№2/1тиркеме )кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
    4. Жайыт комитетинин 2024-жылга салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин маалыматына негиз №2/2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    5. Жайыт комитетинин трагасынын жана эсепчисинин айлыгы №2/Зтиркемеге ылайык кабыл алынсын.
    6. Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуй,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
    7. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар торт түлүк малый эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
    8. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине төмөндөгү жайыт жерлерге өткөрүп берү жана өткөрүп алуу акты сына негиз жайыттын инфраструктурасына тиешелүү обьектилер №2/4 тиркемеге ылайык өткөрүлүп берилсин.
    9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы А Абдырамановко милдеттендирилсин.
    1. Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн www.akiol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .

    Ак-Жол айылдык Кенешинин

    аймактык төрагасы:                                                                     Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 10:26

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]