[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз IX -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2018-жылдын 10-сентябры                                  Ак-Жол  айылы.

     

    Кыргыз  Республикасынын Өнөр жай энергетика  жана жер казынасын  пайдалануу боюнча  мамлекеттик  комитетинин 16.08.2016-жылдагы 4870 СЕ  лицензиясына негиз ОсОО “Жангарач” ишканасына  кен казып  иштетүү үчун  жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз  IX – кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги  1- маселеси болгон Кыргыз  Республикасынын Өнөр жай энергетика  жана жер казынасын  пайдалануу боюнча  мамлекеттик  комитетинин 16.08.2016-жылдагы 4870 СЕ  лицензиясына негиз ОсОО “Жангарач” ишканасына  кен казып  иштетүү үчун  жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап , талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз IX — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан “Жангарач” ЖЧКсына  берилген 4870 СЕ лицензиясында көрсөтүлгөн жер аянты Сөгөт айылынын тургундарын камсыз кылып турган агып чыгуучу булак жайгашкандыктан ,  кен иштетүүгө уруксат берүү айыл тургундарынын макулдугунун негизинде гана жүргүзүлсүн.
    2. “Жангарач ” ЖЧКсынын жетекчилигине Сөгөт айылынын тургундары менен тил табышып , айылдын негизги проблемасын чечүүгө көмөк көрсөтүү жагы сунушталсын.
    3. Бул токттомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз IX -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

    2018-жылдын 10-сентябры                                                    Ак-Жол  айылы.

     

    “Курман -Мырза” дыйкан чарбасынын жетекчиси Жумалиев Самарбек Мырзабековичтин арызы жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз  IX – кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги  2- маселеси болгон “Курман -Мырза” дыйкан чарбасынын жетекчиси Жумалиев Самарбек Мырзабековичтин арызы жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап , талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз IX — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. “Курман -Мырза” дыйкан чарбасынын жетекчиси Жумалиев Самарбек Мырзабековичтин арызына негиз  мурунтан пайдаланып жүргөн жерден 30 га   жер аянты менчигине бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Ы.Молорбаевге жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз IX -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2018-жылдын 10-сентябры                                          Ак-Жол  айылы.

     

    Кыргыз Республикасынын “Айыл өкмөттөр ортосундагы болуп өткөн конкурстун жыйынтыгы боюнча ыйгарылган акча каражатын жумшоо жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  IX – кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги  3- маселеси болгон Кыргыз Республикасынын “Айыл өкмөттөр ортосундагы болуп өткөн конкурстун жыйынтыгы боюнча ыйгарылган акча каражатын жумшоо Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Ажыматовдун жана айылдык Кеңештин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана  айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап , талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз IX — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Республикалык кароо-сынакта алган 500,0 сом  акча каражаты бардык кызматкерлер үчүн сыйлоо катары төмөндөгүдөй болуп бөлүнүп берилсин.
      1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине -435,6 сом.
      2. Ак-Жол айылдык маданият үйүнүн кызматкерлерине -64,4 сом.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Э.Эшалиевке жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз IX -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2018-жылдын 10-сентябры                                       Ак-Жол  айылы.

    Айыл өкмөттүн аймагындагы  мисте мөмөлүү дарактарынан алынган түшүмдүн абалы жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз  IX – кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги  4- маселеси болгон Айыл өкмөттүн аймагындагы  мисте мөмөлүү дарактарынан алынган түшүмдүн абалы жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесининин төрагасы Н.Молдобаевдин билдирүүсүн угуп жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап , талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз IX — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Айыл өкмөттүн аймагындагы  мисте мөмөлүү дарактары жайгашкан аянттарды ижарага берүүдөн түшкөн ижара салыктарын чегерүү жана иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесининин төрагасы Н.Молдобаевге милдеттендирилсин.
    2. Жыйналган түшүмдөн түшкөн каражаттын жумшалышы боюнча өз учурунда Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешине жана Ак-Жол айыл өкмөтүнө маалымат берүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесининин төрагасы Н.Молдобаевге жүктөлсүн.
    3. Бул токттомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловко жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз IX -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5

    2018-жылдын 10-сентябры                                                    Ак-Жол  айылы.

     

    Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 23.10.2017-жылдагы №690 токтомунун турмушка ашырылышы жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз  IX – кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги  5- маселеси болгон КР Өкмөтүнүн 23.10.2017-жылдагы №690 токтомунун турмушка ашырылышы жөнүндө жана Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 27.12.2017-жылдагы №76-Т токтомунун аткарылышы боюнча  АкЖол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын билдирүүсүн угуп жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап , талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезексиз IX — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 23.10.2017-жылдагы №690 токтомунун турмушка ашыруу максатында иш жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
    2. Калктуу конуштардын эскиче аталыштары өзгөрүүсүз калтырылсын.
    3. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн калктуу конуштарга жана көчөлөргө адам ысымын коюуга киргизилген мораторийге чейинки чыккан токтомдордун негизинде көчө аттары калтырылсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.


     

     

     

     

     

     

    Posted by admin @ 12:49

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]