[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХХIV -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 1

    2020-жылдын 19-майы                                                                     Ак-Жол айылы.

    Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы жер аянттарынын чек араларын аныктоо  жөнүндө.

     

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы жер аянттарынын чек араларын аныктоо жөнүндөгү маселе боюнча ушул мезгилге чейин айыл өкмөтү менен Аксы токой чарбасынын ортосундагы макулдашылган жер аянттарынын чек арасы боюнча такталган материалдарды угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Аксы токой чарбасынын тескөөсүндө турган Кара-Тыт, Нарын, Аң-Жылга, Эчкили, Жолборсту, Райкомол , Кош-Алмурут, Бактуулак, Ак-Тикен, Кайнама, Оро-Башы, Чер, Шаркыратма, Кур-Айрык, Кенебай , Шиш-Баш, Тозот, Чоң-Тескей, Кара-Ой , Чөйо-Сай , Үч-Алмурут, Лагер, Сындан, Ыштык, Өрүк-Төбө, Туюк, Эшек-Арт, Сырт, Тепши, Чөн-Төбө, ЧАлчык, Жайык, Күйгөн жана башка калктуу конуштарга жанаша жаткан участкалар Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ээлигинде калтырылсын.
    2. Коргон-Жар участкасындагы 120 га короолонгон жер аянты, Баткак, Жалгыз-Жаңгак, Ак-Терек, Белес-Жаңгак участкалары Аксы токой чарбасынын тескөөсүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
    3. Ак-Жол айыл өкмөтү менен Аксы токой чарбасынын макулдашылган жер аянттарын айыл өкмөтүнүн жана Аксы токой чарбасынын балансына киргизип, картага түшүрүү жагы Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.

     



     Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХXIV-сессиясынын

    ТОКТОМУ №2

    2020-жылдын 19-майы                                                                                                                  Ак-Жол айылы

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылдарга каратабюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүүжана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин 2020-жылга бекитилген бюджет боюнча жана бюджеттин 2021-2022-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоору боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айылаймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXIV-сессиясы

     

    ТОКТОМКЫЛАТ

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-2023-жылдарга карата түзүлгөн божолдуу долбоору жактырылып бекитилсин.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилгенкиреше бөлүгүнүн салыктыккирешелеринин роялити бөлүгүнүн көмүр түрүнөн 402,6(төрт жүз эки миң алты жүз) сом акча каражаты  башка пайдалуучу күйүүчү кендер түрүнүн планына жылдырылсын.
    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген киреше бөлүгүнүн салыктыкэмес кирешелеринин жер казынасын пайдалануу үчүн лицензияны кармоо түрүнүн планы 1 288,6(бир миллион эки жүз сексен сегиз миң алты жүз) сомго Аксы райондук каржы бөлүмү менен биргеликте кыскартылсын.
    4. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр кирген учурда чыгаша бөлүгүнүн 3111 беренесинен кыскартылсын
    5. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевке жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол айыл аймактык

    кңешинин төрагасы:                                                 Батыралиев Т.

     



     Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХХIV -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 3

    2020-жылдын 19-майы                                                                     Ак-Жол айылы.

     

    ОсОО “Тегене” ишканасынын ижара акысын жана мамлекеттик салыктарды төгүүдө кетирген кемчиликтерин кароо жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси болгон ОсОО “Тегене” ишканасынын ижара акысын жана мамлекеттик салыктарды төгүүдө кетирген кемчиликтерин кароо жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. ОсОО “Тегене” ишканасы Ак-Жол айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн салык төлөмдөрүн аткарбай жаткандыктан жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевке жүктөлсүн.

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.

     



     Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХХIV -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 4

    2020-жылдын 19-майы                                                                     Ак-Жол айылы.

     

    Айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасын сатууга коюу жөнүндө .

     

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси болгон Айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасын сатууга коюу жөнүндөгү маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек у Бакбергендин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ВАЗ-21214 үлгүсүндөгү 1740 DA номерлүү , чыгарылган жылы 2008, түсү ак, кыймылдаткычтын номери 8685923, кузовдун № ХТА 21214081882531 , каттоо күбөлүгүнүн АВ 606935 кызматтык автоунаасынын  белгиленген кызмат өтөө мөөнөтү жеткендигине байланыштуу аукцион аркылуу сатууга коюга макулдук берилсин.
    2. Аукционду уюштуруп , өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек у Бакберген милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.



     Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХХIV -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 5

    2020-жылдын 19-майы                                                                     Ак-Жол айылы.

     

    Учурдагы Жол-Бакан, Кызыл-Бейит маселелери боюнча түзүлгөн кырдаалды талкуулоо жөнүндө.

     

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси болгон Учурдагы Жол-Бакан, Кызыл-Бейит маселелери боюнча түзүлгөн кырдаалды талкуулоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Жол-Бакан маселеси боюнча колдо болгон тиешелүү материалдарды тактап Ак-Жол айылдык Кенешинин депутаттарынын атынан тиешелүү инстанцияларга кат жолдоо жагы колго алынсын.
    2. Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын жазган арызына негиз Ак-Жол айылдык Кенешинин депутаттарынын атынан тиешелүү инстанцияларга кат жолдоо жагы  колго алынсын.
    3. Бул токтомдун аткарылышын колго алуу жана тиешелүү инстанцияларга кат жолдоо Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө жана айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ы Молорбаевге жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.


     


     Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХХIV -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 6

    2020-жылдын 19-майы                                                                     Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айылдык маданият үйүнө “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”,

    Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, журналист Ажыматов Зайырбек Самагановичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө.

     

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси болгон Ак-Жол айылдык маданият үйүнө “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, журналист Ажыматов Зайырбек Самагановичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Кыргыз Респуликасыныны Улуттук жазуучулар союзунун 16.05.2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нур борбор” чыгармачылык академиясынын 15.05.2020-жылдагы, Кыргыз Республикасынын “Айтыш” коомдук фондунун 16.05.2020-жылдагы Ак-Жол айыл өкмөтүнө жана Ак-Жол айыл аймактык Кеңешине кайрылган кайрылууларын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Респуликасынын Улуттук жазуучулар союзунун , Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нур борбор” чыгармачылык академиясынын, Кыргыз Республикасынын “Айтыш” коомдук фондунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө жана Ак-Жол айыл аймактык Кеңешине кайрылган кайрылуулары негиздүү деп табылсын.
    2. Кыргыз поезиясынын көрүнүктүү өкүлү З.Ажыматовдун улутту ар намысына келтирген , духун көтөргөн атуулдук ырлары , сүйүүнүн күчүн даңазалаган лирикалык ырларын баалоо менен , анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Ак-Жол айылдык маданият үйүнө акын, журналист З.Ажыматовдун ысымы ыйгарылсын.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.


     

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХХIV -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 7

    2020-жылдын 19-майы                                                                     Ак-Жол айылы.

     

    Айылдык Кенештин 2020-жылдын 4-мартындагы № 1 –токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.

     

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясынын күн тартибиндеги жетинчи маселеси болгон Айылдык Кенештин 2020-жылдын 4-мартындагы № 1 –токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик,  иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл аймагынын Шынаа, Чоӊ-Камыш, Кара-Ой участкаларынын жашоочуларынын каршылык билдирүүсүнө негиз 2020-жылдын 4-мартындагы айылдык Кеӊештин кезексиз XXII-сессиясынын №1 –токтому жокко чыгарылсын.
    2. Келечекте Ак-Жол дарыясынын нугунан казылып алынуучу кен байлыктар үчүн эч кандай жер аянтын бөлүп бербөө тууралуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине эскертилсин.
    3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеӊешинин Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комитетинин мүчөлоүнө  жүктөлсүн.

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.



     Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХХIV -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 8

    2020-жылдын 19-майы                                                                     Ак-Жол айылы.

     

     

    Үч-Коргон айыл аймагынын Терс участкасынын 2250 га жер аянтын Ак-Жол айыл аймагындагы

    Жол-Бакан участкасынын 1757 га жер аянтына алмаштыруу жөнүндө.

     

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселеси болгон Үч-Коргон айыл аймагынын Терс участкасынын 2250 га жер аянтын Ак-Жол айыл аймагындагы Жол-Бакан участкасынын 1757 га жер аянтына алмаштыруу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Көп жылдан бери талаш маселе жаратып келген жалпы аянты 1757 га болгон Жол-Бакан участкасындагы жер аянты Үч-Коргон айыл аймагындагы Ак-Жол айыл аймагына тиешелүү болгон Терс участкасындагы 2250 га жер аянтка алмаштыруу боюнча макулдук берилсин.
    2. Ак-Жол айыл аймагына тиешелүү болгон жер аянтынан 493 га ашыкча болгондугуна карабастан ар жылы эки элдин ортосунда болуп келген конфликтти биротоло түп тамырынан чечүү максатында Үч-Коргон айыл аймагына өткөрүлүп берилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.

     

     

     

    Posted by admin @ 15:59

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]