[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХIII-сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 1

    2019-жылдын 15-февралы                                                               Ак-Жол айылы.

    Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы талашка түшкөн  жер аянттары жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы талашка түшкөн  жер аянттары жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 22-июнундагы №291-токтомуна №1 –тиркеме болуп, Жалал-Абад областынын райондорундагы  мамлекеттик токой саясатын колдоп өткөрүлүп берилүүчү жерлердин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫна негиз Аксы районунундагы Жаңы—Жол совхозунун Күрп-Сай обходунан жалпысы 2501 га жер аянты токой чарбасына  өткөрүлгөн. Бул ЭКСПЛИКАЦИЯда көрсөтүлгөн 2501 га жер аянты Кыргыз Мамлекеттик токой инспекциясынын 3-июль 1992-жылкы №15-буйругунда да Күрп-Сай обходунан 2501 га жер аянты өткөрүлгөндүгү көрүнүп турат. Ал эми 1992-жылдын 3-октябрындагы 247-Р буйругу менен түзүлгөн  атайын райондук комиссиянын актысы менен Күрп-Сай обходунда көрсөтүлгөн жер аянтынан сырткары Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Ак-Жол , Тегене, Кечүү , Эчкили , Райкомол , Жолборсту айылдарынан жалпысы 3537 га жер аянты Күрп-Сай обходундагы жер аянтына  кошумча негизсиз өткөрүлүп берилгендигин угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Мамлекеттик токой саясатын колдоо максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Күрп-Сай обходунан 2501 га . жер аянты токой чарбасынын кароосуна өткөрүлүп берлигени негиздүү деп табылсын.
    2. 1992-жылдын 3-октябрындагы 247-Р буйругу менен түзүлгөн атайын райондук комиссиянын актысында көрсөтүлгөн Күрп-Сай обходундагы 2501 га жер аянтынан сырткары Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Ак-Жол , Тегене, Кечүү , Эчкили , Райкомол , Жолборсту айылдарынан жалпысы 3537 га жер аянты акты менен өткөрүлүп берилгендиги негизсиз  деп  табылып, комиссиянын АКТысын жокко чыгаруу боюнча иш аракеттер жасалсын.
    3. Өткөрүлүп берилген 3537 га жер аянты айыл өкмөттун аймагындагы калктуу конуштардын тургундарынын үлүшкө берилген жер аянттарынан тургандыктан токой чарбанын кароосуна берилип, картага түшүрүлгөндүгү жөнүндө жогорку органдарга маселе коюу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

             Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.



    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХII-сессиясынын

    ТОКТОМУ №2

    2019-жылдын 15-февралы                                                                                                       Ак-Жол айылы. 

                                                               

    Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 жана 2017-жылдын 15-мартындагы № 160 токтомун аткаруу жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  Финансы  жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун   билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык кеңешинин VII –чакырылышынын кезексиз    ХII-сессиясы 

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарын  өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
    2. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы  менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.
    3.  Бул токтомду аткаруу жагы каржы   бөлүмүнүн  башчысы С Ажыматовго  милдеттендирилсин.

          

    Ак-Жол айылдык 

             Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.



    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХIII-сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 3

    2019-жылдын 15-февралы                                                               Ак-Жол айылы.

    Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө .

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси болгон мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык кеңешинин 21.01.2019-жылдагы №3-токтомун  талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык кеңешинин 21.01.2019-жылдагы №3-токтому негиздүү табылсын.
    2. М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалими , Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы”, Кыргыз Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” , “Ардак белгиси” төш белгисинин ээси “Эл агартуунун мыктысы” жана башка бир топ сыйлыктардын ээси Берикбаева Сейилбүбү Саламатовнанын көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына татыктуу экендиги белгиленсин  .
    3. Бул токтомду Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп, тиешелүү инстанцияларга документти жөнөтүү жагы айылдык Кеңештин катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол айылдык 

             Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.



     Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХIII-сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 4

    2019-жылдын 15-февралы                                                               Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдун реестрин бекитип берүү жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдун реестрин бекитип берүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча жайгашкан социалдык объектилер жана муниципалдык менчикте турган бардык кошумча курулмалар каттоого алынып , бирдиктүү реестрге киргизилсин.
    2. Каттоого алынган социалдык объектилер жана муниципалдык менчикте турган бардык кошумча курулмалардын бирдиктүү реестри бекитилсин.
    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңы курулуп, ишке берилип жаткан объектилер баланска тартылып , бирдиктүү реестрге киргизүү жагы турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевке милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык 

             Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын №4-токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктин реестри

    к/н

    Муниципалдык мүлктөрдүн аталышы Жайгашкан дареги Эксплуатация болгон жылы Объектинин аянты

    (чарчы метр)

    Жанаша жаткан жер тилкесинин аянты

    (чарчы метр)

     

    Баланстык баасы

    (миң сом)

     

    1.        Маданият үйү Ак-Жол 1970 1718,5 26718,5 563,30
    2.        М.Сыдыков мектеби Ак-Жол. 1987 12920 32920 10799,9
    3.        О.Ташкулов мектеби Райкомол 2003 1258,8 14258,8 9521,8
    4.        А.Мырзабеков мектеби Кечүү 2003 635,36 2496 1417,4
    5.        Ж.Орозалиев мектеби Жолборсту 2011 346,22 4404 9000,0
    6.        Т.Тыныбеков мектеби Тегене 1999 1041 141,70 4600,0
    7.        Т.Тыныбеков мектебинин ашканасы Тегене 2007 95,76 940 441,8
    8.        Т.Тыныбеков мектебинин  маданият залы Тегене 2008 500 707 1300,0
    9.        А.Жолдошев мектеби Шынаа 2008 500 1500 409,5
    10.    Разан-Сай  мектеби Разан   400 882,5     268,6
    11.    Оорукана Ак-Жол   5566 5566 1500,0
    12.    ФАП Жолборсту Жолборсту 1998 419 1319 120,0
    13.    ФАП Райкомол Райкомол 2006 300 544 116,5
    14.    ФАП Кечуу Кечүү 2006 378 378 116,5
    15.    ФАП Тегене Тегене 1984 300 1000 95,0
    16.    ФАП Разан-Сай Разан-Сай 2008 300 300 361,6
    17.    Мун.менчиктеги жер тилкеси Шынаа, Разан-Сай   14000,0  
    18.    Ак-Жол (мүрзө) Ак-Жол   1600 45640  
    19.    Шынаа(мүрзө) Шынаа   1260 55400  
    20.    Ран (мүрзө) Ран   720 1248  
    21.    Эчкили (мүрзө) Эчкили   2250 83200  
    22.    Коргон-Төбө (мүрзө) Коргон-Төбө   480 5000  
    23.    Пери-Булак (мүрзө) Райкомол   420 2227,3  
    24.    Каткан-Аңыз (мүрзө) Райкомол   500 2500  
    25.    Алмурут-Жон (мүрзө) Райкомол   450 2000  
    26.    Ак-Бийкеч (мүрзө) Райкомол   1000 3500  
    27.    Кечүү (мүрзө) Кечүү   250 1237  
    28.    Кечүү (мүрзө) Кечүү   500 5075  
    29.    Кечүү (мүрзө) Кечүү   400 2113,8  
    30.    Кечүү (мүрзө) Кечүү   600 3008  
    31.    Жолборсту (мүрзө) Жолборсту   2500 16200  
    32.    Мазар (мүрзө) Тегене   3200 35960  
    33.    Сөгөт (мүрзө) Тегене   500 2000  
    34.    Чолок-Сөгөт (мүрзө) Тегене   500    
    35.    Кала (мүрзө) Кара-Тыт   600 1500  
    36.    Жака (мүрзө) Кара-Тыт   800 3000  
    37.    Разан-Сай (мүрзө) Разан-Сай   700 6580  
    38.    Кызыл-Бейит (мүрзө) Кызыл-Бейит   1200 2939,4  
    39.    Күрп-Сай (мүрзө) Күрп-Сай   400    
    40.    Кара-Тыт мектеби Кара-Тыт 2008 70,35 5000 109,1
    41.    Көпүрө Коргон-Добо Ак-Жол 2007 100 100 186,3
    42.    Көпүрө 7 даана. Күрп-Сай Курп-Сай 2008 400 400 406,1
    43.    Көпүрө №1 Жолборсту 2006     199,5
    44.    Көпүрө №2 Жолборсту 2007     205,6
    45.    Телемунара Жон-Бакан 2009     129,2
    46.    Китепкана Ак-Жол 1970 200 200 0,5
    47.    Китепкана Райкомол 1965 200 200 0,5
    48.    Китепкана Тегене        
    49.    Айыл өкмөт имараты Ак-Жол 1997 500 1995 1933,5
    50.    Чарбалык сарай Ак-Жол 1999 300 500 9,7
    51.    Мечит Тегене Тегене        
    52.    Мечит Райкомол Райкомол 2006 251,9 251,9 2051,0
    53.    Мечит Жолборсту        
    54.    Мечит Ак-Жол     420,47  
    55.    Мечит Шынаа     1683  
    56.    Мечит Разан-Сай        
    57.    Мечит Кызыл-Бейит        
    58.    Мал камоочу жай Тегене 1980   200  
    59.    Мал камоочу жай Шынаа 1986   200  
    60.    Муниципалдык жер Ак-Жол   12100  
    61.    Спорт зал Шынаа   400 1248 5058,6
    62.    Базар Ак-Жол     8185,45  
    63.    Нива автомашинасы Ак-Жол       350,0
    64.    Нива автомашинасы Райкомол       150,0
    65.    Трактор МТЗ-820   2015     1060,0
    66.    Соко   2015     120,0
    67.    Телемунара Кечүү 2015      
    68.    Куур Ак-Жол, базар 2015     10,0
    69.    Куур Жолборсту 2015     5000
    70.    Көпүрө Ак-Жол, Ран 2015     250,0
    71.    Көпүрө Ак-Жол, Аң-Жылга 2015     295,0
    72.    Суу  тосмо Шынаа алышы 2015     94600
    73.    Суу тосмо Ак-Жол алышы 2014      
    74.    Көмүркана Тегене    мектеп 2015     67000
    75.    Көмүркана Райкомол  мектеп 2015     96000
    76.    Көмүркана Кечүү          мектеп 2015     61000
    77.    Көмүркана Райкомол   ФАП 2015     63000
    78.    Көмүркана Кечүү            ФАП 2015     111,0
    79.    Спорттук аянтча Кара-Тыт    мектеп 2015     76000
    80.    Көпүрө Ак-Жол, Ак-Терек 2013     343,0
    81.    Көпүрө Тегене, Мисте-Мазар 2015     1200,0
    82.    Эстелик Ак-Жол 2015   600 1400,0
    83.    Эс алуу паркы Ак-Жол 2016   6180 1542,6
    84.    Экскаватор Ак-Жол 2017     2620,0
    85.    Кызыл-Бейит кайыкчы үйү Кызыл-Бейит 2017     384,5
    86.    Телемунара Жолборсту 2017     86,1
    87.    Арка Кара-Тыт 2016     465,0
    88.    Таңгактоочу техника   2018     820,0
    89.    Жуут Шынаа 2017     1585,7
    90.    Кара-Тыт таза суу Кара-Тыт 2018     152,0
    91.    Тегене таза суу Тегене 2018     494,0
    92.    Эчкили таза суу Эскили 2018     685,0
    93.    Спорт зал Тегене  2008-2018     5743,6
    94.    3 км тротуар Ак-Жол 2018     2951,7
    95.    Түнкү жарык Ак-Жол 2018     739,8
    96.    Тиш дарылоочу эмкана Райкомол 2018     336,3
    97.    Базар ажаатканасы Ак-Жол 2018     220,8
    98.    Бел-Өрүк таза суу Бел-Өрүк 2018     48,0

    Posted by admin @ 08:38

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]