[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2017-жылдын 21-ноябры.                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын аймагынын байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясынын күн тартибиндеги  биринчи маселеси Ак-Жол айыл аймагынын аймагынын байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо ,экология ,өнөр жай ,транспорт , байланыш,ишкердик иш,электр энергия ,маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат Э.Эшалиев билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагынын аймагынын байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү абалы канааттандырарлык деп табуу менен байланыш кызматкерлеринин күнүмдүк эмгеги акча таркатуу менен гана чектелип калгандыгы белгиленсин.
    2. Ак-Жол айыл аймагындагы элдин суроо –талабын эске алуу менен байланыш кызматкерлеринин ишин контролдоо айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2017-жылдын 21-ноябры.                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүндөгү кары-картандар ,майыптар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жардамдар жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү,негизги , башталгыч мектептердеги жана жалпы эле соц.объектилердеги  кышка карата даярдыктын абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи  маселесинин А жана Б пунктары боюнча  Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин жана Ак-жол айыл Өкмөтүнүн соц.адиси А.Сатыбалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагындагы кары-картандар , майыптар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жардамдар өзүнүн денгээлинде экендиги белгиленип, айыл Өкмөтүнүн башчысынын бул багытта жүргүзүп жаткан иштери алгылыктуу деп табылсын.
    2. Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим беруучу,негизги , башталгыч мектептердеги жана жалпы эле соц.объектилердеги  кышка карата даярдыктары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин .

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



      Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2017-жылдын 21-ноябры.                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясынын кун тартибиндеги  үчүнчү маселеси болгон Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө  Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, депутаттык этика, мандат, регламент , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Куттубаевдин билдирүүсү  угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы  Жаштар уюмунун төрагасы Туратбек уулу Бакбергендин жүргүзгөн иштери канааттандыралык экендиги белгиленсин.
    2. Жаштар арасында диний агымдар, ИГИЛ маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Жаштар уюмунун төрагасы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    3. Аксакалдар Кеңеши , Аксакалдар соту, аялдар Кеңешинин жүргүзгөн иштери учур талабына ылайык экендииг белгиленип, айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштерине абдан чоң колдоо болуп жаткандыгы баса белгиленсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2017-жылдын 21-ноябры.                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү жана Ж.Орозалиев, А.Мырзабеков атындагы негизги билим берүүчү мектептеринин жетекчилеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү маселеси болгон Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү жана Ж.Орозалиев, А.Мырзабеков атындагы негизги билим берүүчү мектептеринин жетекчилеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин директору Н.Жуманалиевдин жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери “жакшы” деңгээлде экендиги белгиленсин.
    2. Ж.Орозалиев атындагы негизги билим берүүчү мектебинин директору А.Курманбекованын жүргүзүп жаткан иштери “канааттандырарлык” деңгээлде экендиги белгиленсин.
    3.  А.Мырзабеков атындагы негизги билим берүүчү мектебинин директору М.Асанбековдун  жүргүзүп жаткан иштери “жакшы” деңгээлде экендиги белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5

    2017-жылдын 21-ноябры.                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    Райкомол, Тегене айылдарынын айыл башчыларынын айыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө билдирүүсүн угуу.

    Ак-Жол   айыл аймактык  кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясынын кун тартибиндеги  бешинчи  маселеси болгон Райкомол, Тегене айылдарынын айыл башчыларынын айыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Райкомол айылынын айыл башчысы И.Токтобаевдин жана Тегене айылынын айыл башчысы С.Токтогуловдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Райкомол, Тегене айылдарынын айыл башчыларынын айыл ичинде жүргүзгөн иштери, мамлекеттин саясатын эл  арасында түшүндүрүү боюнча жасаган аракеттери жана айыл өкмөттөн чыккан буйруктарды, айылдык Кенештин чечимдерин эл арасына жеткирүү, эл арасында көтөрүлгөн проблемаларды айыл өкмөтүнө жеткирип, аларды ччеүүнүн үстүндө иш алып баруулары канааттандыралык деп белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кенешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



       Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6

    2017-жылдын 21-ноябры.                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун жылдык отчетун угуу

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясынын күн тартибиндеги  алтынчы маселеси Ак-Жол айыл Өкмөт башчысынын 2017-жылга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Мырзагулов Бердалынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөт башчысынын 2017-жылга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча жүргүзгөн иши алгылыктуу деп табылсын.
    2. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысынын  демөөрчүлөр менен иш алып баруусу, айылдардагы аткарылып жаткан проектилер  боюнча инвесторлорду тарта билүүсү, айылдын инфраструктурасын  жакшыртууга болгон аракети алгылыктуу деп табылсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.       



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7/1

    2017-жылдын 21-ноябры.                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга  карата кирешелердин долбоорун бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясынын күн тартибиндеги  7/1 маселеси  Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга  карата кирешелердин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн салык кызматкери Н.Мырзатаевдин жана айылдык  Кеңештин  бюджет комитетинин  төрагасы Эшалиев Эсеналынын

    билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга карата кирешелердин долбоорунда көрсөтүлгөн кээ бир элементтерине өзгөртүүлөр киргизилсин.
    2. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга көрсөтүлгөн киреше бөлүгүндөгү    “ Кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден алынуучу салык” 14152600 элементи 35,0 (отуз беш) миң сомго, “Айыл чарба багытындагы эмес жерлерден алынуучу салык” 11312300 элементи 73,2 (жетимиш үч миң эки жүз) сомго, атайын каражат эсебин 336,0 (үч жүз отуз алты миң) сомго,ал эми 555,8 (беш жүз элүү беш миң сегиз жүз) миң сомду “айыл четиндеги жайыттардын ижарасы үчүн акы” 15142300 элементинин планына киргизилсин.
    3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл Өкмөтүнүн салыкчысы Н.Мырзатаевге милдеттендирилсин.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге жуктөлсүн.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



       Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7/2

    2017-жылдын 21-ноябры                                                                                              Ак-Жол  айылы.

    “АРИС уюму тарабынан Ак-Жол  Жайыт пайдалануучулар бирикмесине алынуучу экскватор трактор жана прецподборщик алууга Ак-Жол айыл Өкмөтүнөн акча каражатын бөлүү жөнүндө”

    Ак-Жол   айыл Өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н.Молорбаевдин жана Ак-Жол айыдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги              V-сессиясы             

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол Жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС уюму тарабынан алынуучу экскватор трактор жана прецподборщикке айыл Өкмөтүнөн берилүүчү 25%ти үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
    2. Айыл Өкмөтү тарабынан өздүк салым үчүн 300,0 (үч жүз) миң сом акча каражаты Б-706 29 “Башка турак жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр мекемелеринин чыгымдары” бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулуштар” элементинен 3112 “Машиналар жана жабдуулар” элементине жылдырылсын.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңештин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7/3

    2017-жылдын 21-ноябры                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    “Күү атасы Ныязалы Борош уулунун айкелин орнотуу жөнүндө”

    Ак-Жол   айыл аймактык  кенешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясынын күн тартибиндеги  7/3 маселеси болгон “Күү атасы Ныязалы Борош уулунун айкелин орнотуу жөнүндөгү уюштуруу комитетинин жана демилгечи топтун сунуштарын карап Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн турак-жай,айыл чарба жер аянттарын жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу Ч.Сейитбековдун билдирүүсүн угуп жана Ак-Жол   айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  V — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Уюштуруу комитетинин жана демилгечи топтун сунуштарынын негизинде “Күү атасы” Ныязалы Борош уулунун айкелин Ак-Жол айылынын аймагына орнотуу демилгеси жактырылсын.
    2. Ныязалы Борош уулунун айкелин орнотуу үчүн жер аянты “Тогуз жолдун тоому” аталган Ак-Жол-Кербен, Ак-Жол-Таш-Көмүр, Таш-Көмүр-Кербен авто жолунун кесилишинен бөлүнүп берилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



       Ак-Жол  айыл аймактык    Кенешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги V —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7/ 4

    2017-жылдын 21-ноябры.                                                                                             Ак-Жол  айылы.

    “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн 14.11.2017-жылы 01-12/719 номери менен келген катын кароо жөнүндө”

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы С.Ажыматовдун жана АкЖол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнүн жазма буйругунда көрсөтүлгөн катачылыктар үчүн айыл Өкмөтүнүн материалдык бухгалтери Т.Нурманбетовго эскертүү берилсин.
    2. 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына карата жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында чыккан инвентаризация учурунда аныкталган 29,0 миң сомдук ашыкча материалдык баалуулуктар баланска алынсын.
    3. Ак-Жол Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде бухгалтердик эсептер жана финансылык отчеттор Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик учет жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №231 токтому менен бекитилген Инструкциясына негиз жүргүзүлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

                 

     

    Posted by admin @ 10:09

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]