[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги IV —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2017-жылдын 26-сентябры.                                                                                   Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагында кен байлыктардын казылып алынышы  андан түшкөн салык, жыйымдар жана экологиялык абалдын сакталышы жөнүндө .

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  IV- сессиясынын күн тартибиндеги  биринчи маселеси Ак-Жол айыл аймагында кен байлыктардын казылып алынышы  андан түшкөн салык, жыйымдар жана экологиялык абалдын сакталышы жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо ,экология , өнөр жай ,транспорт , байланыш, ишкердик иш, электр энергия ,маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат И.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги IV — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагында кен казып жаткан ишканалардын бүгүнкү күндө мамлекеттик салыктарды соц.пакетти жана келишимдин негизинде айыл Өкмөтүнүн тургундарына жардам берип жаткан бирден бир ишкана ОсОО “Тегене ” экендиги белгиленсин. Ошону менен бирге бул ишкананын жетекчилигине айылдык Кенештин атынан  жана айыл Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирилсин.
    2. ОсОО “Север КG” , ОсОО “ Майн Карп” жана ОсОО “А.С.А Люкс” ишканаларынын жетекчилигине айыл өкмөтүнө төлөй турган төлөмдөрдү жана мамлекеттик салыктарды тез аранын ичинде кутулуу жагы билдирилсин. 
    3. Айыл өкмөттүн аймагында мыйзамсыз көмүр казып жаткан жеке атуулдар менен үзгүлтүксүз иш алып баруу , түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

     



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги IV —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2017-жылдын 26-сентябры                                                                                      Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтунун вет.адиси Т.Суеркулов жана соц.адис А.Сатыбалдиевдин жүргүзгөн иштери жана калкка көрсөтүп жаткан кызматы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  IV- сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтунун вет.адиси Т.Суеркулов жана соц.адис А.Сатыбалдиевдин жүргүзгөн иштери жана калкка көрсөтүп жаткан кызматы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, депутаттык этика, мандат, регламент , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги IV — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн вет.адиси Т.Суеркуловдун жүргүзүп жаткан иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адиси А.Сатыбалдиевдин жүргүзүп жаткан иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы жакшы  экендиги белгиленсин.
    3. Төрт түлүк малды идентификациялоодо кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы Т.Суеркуловго эскертилсин.
    4. Ак-Жол айыл аймагындагы калкка берилип жаткан жардамдар  өз деңгээлинде экендиги белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги IV —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2017-жылдын 26-сентябры                                                                                   Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  IV- сессиясынын күн тартибиндеги  үчүнчү маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги IV — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. №10 ҮДТ , жана бардык ФАПтардын кышка карата даярдыгын бүткөрүүдө кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы А.Чоноровага  милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги IV —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2017-жылдын 26-сентябры.                                                                                          Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун , спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана машыктыруучулар Сатканкулов Бактыбек менен Козуев Мелистин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  IV- сессиясынын күн тартибиндеги  тортүнчү маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун , спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана машыктыруучулар Сатканкулов Бактыбек менен Козуев Мелистин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Куттубаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги IV — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтунун алдындагы Жаштар уюмунун , спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана машыктыруучулар Сатканкулов Бактыбек менен Козуев Мелистин жүргүзүп жаткан иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. Д.Текеев машыктыруу залынын тазалыгын кароо, жаш өспүрүмдөрдү такай машыктыруу жагын колго алуу жагы Б.Сатканкуловго эскертилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



      Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги IV —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2017-жылдын 26-сентябры                                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Разан-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  IV- сессиясынын күн тартибиндеги  бешинчи  маселеси Разан-Сай айылынын айыл башчысы Ж.Садыровдун , Кызыл-Бейит айылынын айыл башчысы К.Рамановдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, калкка көрсөткөн кызматы  боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги IV — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Разан-Сай айылынын айыл башчысы Ж.Садыровдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, калкка көрсөткөн кызматы канааттандыралык экендиги белгиленсин.
    2. Кызыл-Бейит айылынын айыл башчысы К.Рамановдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, калкка көрсөткөн кызматы канааттандыралык экендиги белгиленсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.


             


       Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги IV —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/1

    2017-жылдын 26-сентябры                                                                                Ак-Жол  айылы.

    О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жана А.Жолдошов атындагы башталгыч билим берүүчү мектебинин жетекчилеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  IV- сессиясынын күн тартибиндеги  6/1- маселеси О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин директору Б.Ажиевдин жана А.Жолдошов атындагы башталгыч билим берүүчү мектебинин директору Ж.Көкөлөеванын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги IV — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин директору Б.Ажиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандыралык экендиги белгиленсин.
    2. А.Жолдошов атындагы башталгыч билим берүүчү мектебинин директору Ж.Көкөлөеванын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыралык экендиги белгиленсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

              



            Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги IV —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/2

    2017-жылдын 26-сентябры                                                                                       Ак-Жол  айылы.

    Атаяровдордун уй-булосунун кайрылуусун кароо.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  IV- сессиясынын күн тартибиндеги  6/2- маселеси Атаяровдордун үй-бүлөсүнүн кайрылуусун кароо жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги IV — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Тегене айылынын тургундары Атаяровдордун айылдык Кеңешке кайрылуусу негизсиз деп табылсын.Себеби бул жолдоштордун жашаган жамааты болгону 4-5 кожолуктан тургандыктан көчө ыйгаруу туура келбегендигин арыздануучуларга туура түшүндүрүү жагы белгиленсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                       Т.Батыралиев.

        



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги IV —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/3

    2017-жылдын 26-сентябры                                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн “Типтүү келишимди” бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  IV- сессиясынын күн тартибиндеги  6/3- маселеси Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн “Типтүү келишимди” бекитүү жөнүндө  Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Ажыматовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги IV — сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча тузулгон “Типтүү келишими” бекитилсин.

     

    1. Бюджеттик жол-жоболорго ылайык , ЖПБ/ ЖК жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин кирешесинин ,14152200 “Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөм” киреше элементинин эсебине киргилисин.
    2. Бул келишимдин аткарылышын  колго алуу жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловко  жана Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

          

    Posted by admin @ 09:48

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]