АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
II-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13- февралы № 10 Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагындагы санитардык жактан тазалоо жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун ар айлык абоненттик төлөмдөрүнун
тарифтерин бекитүүжөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын күн тартибиндеги онунчу маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагындагы санитардык жактантазалоо жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун ар айлык абоненттик төлөмдөрүнун тарифтерин бекитүү жөнундө Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология ,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштарын санитардык жактан тазалоо боюнча Малкалды жана Жаңы-Жол айылдарында болуп өткөн элдик жыйында кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир жарандан чогултулуучу акча каражаты 20(жыйырма) сомдон белгиленсин.
2. Ак-Жол айыл аймагында турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу мекеме –уюм, коммерциялык жана башка ишканалар үчүн Малкалды муниципалдык ишканасы тарабынан түзүлгөн атайын тариф бекитилсин .
3. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын
Төрага : Т. Султамуратов
