[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИНИН                                                  II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН

    2026-жылдын 13-февралы       №13                              Жаңы-Жол айылы                                                                                                                     

    Айылдык кеңештеги туруктуу комиссиялардын иш пландарын тактоо жана системалык түрдө жумуш алып баруу боюнча  комитет  жетекчилеринин  маалыматын угуу

                Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги                                 IX сессиясынын күн тартибиндеги он үчүнчү  маселеси болгон Айылдык кеңештеги Экономика,бюджет,соода жана байланыш маселелери,Билим берүү ,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери, Мыйзамдуулук, укуктартибинсактоо, депутаттыкэтика,мандат, регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү ,жарандардын укугун,кызыкчылыгын коргоо,маалымдоо каражаттары маселелери,Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология, өнөр-жай,транспорт, ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын иш пландарын тактоо жана системалык түрдө жумуш алып баруу боюнча  комитет  жетекчилеринин  маалыматын угуу  маселесибоюнчаАк-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешининин төрагасынын орун басары                         К.Байыскуловдун    билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II  чакырылышынын   кезектеги   IX сессиясы токтом кылат:

                1. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин Экономика,бюджет,соода жана байланыш маселелери,Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоомаселелери, Мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо, мандат  регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун,кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери,Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология, өнөр-жай, транспорт,ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын иш пландары айылдык кеңештин кабыл алган  иш пландарына     жана айылдык кеңештин Регламентине негиз жүргүзулсүн.

                2. Туруктуу комиссиялар айылдык  кеңештин чечимдерин жүзөгө ашыруу жана айыл аймагындагы мекеме ишканалар тарабынан аткарылышына  контрол кылууга түздөн-түз милдеттүү экендиги белгиленсин.

                3. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     Төрага:                                                                                       Т.Султамуратов

    Posted by admin @ 10:19

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]