[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН                                                  II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

    2026-жылдын 13-февралы           №1                Жаңы-Жол айылы                                                      

    Ак-Жол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Тасмабек  уулу Болотбектин жыл  ичинде жүргүзгөн иши   жөнүндө  жылдык  отчету

                Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги IX сессиясынын күн тартибиндеги  биринчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы   Тасмабек  уулу Болотбектин жыл ичинде  жүргүзгөн иши   боюнча  жылдык  отчету жөнундө айыл өкмөт башчысы Тасмабек уулу Болотбектин билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  IX сессиясы токтом кылат:

    1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Тасмабек  уулу Болотбектин жыл   ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча жүргүзгөн иши  көпчүлүктүн сунушу менен  жакшы деп  белгиленсин.

    2.Кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү планынын негизинде  жасалып жаткан жумуштар боюнча  эл арасында мезгил мезгили менен  маалымат берип туруу жагы жана берилип жаткан тендерлер боюнча тыкыр көзөмөлгө  алуу жагы жүктөлсүн.

    3.Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

               Төрага :                                                                          Т. Султамуратов

    Posted by admin @ 10:02

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]