[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
    XIII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 1

    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т Султамуратовдун жыл
    ичинде жүргүзгөн айыл өкмөтүнун социалдык -экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча жылдык отчету.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги, биринчи маселеси боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т Султамуратовдун жыл ичинде айыл өкмөтүнун социалдык -экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т Султамуратовдун жыл ичинде айыл өкмөтүнун социалдык -экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча жүргүзгөн иши кээ бир алымча кошумчасы менен канааттандырарлык деп табылсын.
    2. Кабыл алынган социалдык –экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча жүрүп жаткан жумуштарды жана берилип жаткан тендерлер боюнча тыкыр көзөмөлгө алуу жагы жүктөлсүн.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
    XIII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 2

    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги, биринчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XIII сесcиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    3. Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2023-жылга карата кабыл алган иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

    4. Ак-Жол айылдык Кеңешинин кабыл алынган иш планы белгиленген графиктин негизинде үзгүлтүксүз өткөрүү жагын көзөмөлдөө Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Токтогулова Уултайга милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Иш-чара-кенеш 2023

    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
    XIII-сессиясынын

    ТОКТОМУ №3/1
    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы

    2023-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2024-2025-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Шекербеков Эрлан Шекербековичтин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген кирешелер 13825,4 (Он үч миллион сегиз жүз жыйырма беш миң төрт жүз) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,6 (үч жүз алтымыш алты миң алты жүз) сом, теңдөөчү грант 13260,0(он үч миллион эки жүз алтымыш миң) сом, атайын каражаты 1160,0(бир миллион бир жүз алтымыш миң) сом кошулуп, жалпысы: 28612,0(жыйырма сегиз миллион алты жүз он эки миң) сом суммасында №1-тиркемеге негиз бекитилсин.

    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун жана трансферттердин көлөмү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин

    4. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү
    №3-тиркемелерге ылайык 28612,0(жыйырма сегиз миллион алты жүз он эки миң) сом менен бекитилсин.

    5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн планынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу жагы салык кызматкери Иманалы Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.

    6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү гранттын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесине, “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна жана 11-беренесине негиз биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге, калган сумма башка керектелүүчү беренелерге жумшалаары жана коммуналдык чыгымдар(эл.энергиядан сырткары) толук каржылоого айыл өкмөтү жоопту экени белгиленсин.

    7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондуна негиз 478,3(төрт жүз жетимиш сегиз миң үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

    8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 280,0(эки жүз сексен миң эки жүз) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.

    9. Айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы, соц.фонд төлөмү, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн түзгөн келишимине ылайык максаттуу трансферттин эсебинен төлөнүп берилсин.

    10. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги өзгөртүү, толуктоолорду Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине жана айыл өкмөтүнүн буйругуна негиз жүргүзүү жагы Каржы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Шекербековго милдеттендирилсин.

    11. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык
    кеңештин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Шекербековго милдеттендирилсин.

    12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сейитбековго жүктөлсүн.

    13. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

    Төрага: Ж.Алыбаев

    Тиркемелер:
    2023 план
    24-25 план
    Тиркеме 3 2023 расх

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
    XIII-сессиясынын
    №3/2 ТОКТОМУ
    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата атайын каражаттарын бекитүү жөнүндө

    Айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Шекербеков Эрлан Шекербековичтин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражаты сметага ылайык киреше бөлүгү 1160,0(бир миллион бир жүз алтымыш миң) сом жана чыгаша бөлүгү сметага ылайык 1160,0 (бир миллион бир жүз алтымыш миң) сомго бекитилип, сметасы түзүлсүн.

    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сейитбековго жүктөлсүн.
    3. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

    Төрага: Ж.Алыбаев

    Тиркемелер:

    Ак-Жол смета 2023 спец (1)

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
    XIII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 4

    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылга карата — түзүлгѳн социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын бекитүү.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Т.Султамуратовдун Ак-Жол айыл Окмотунун 2022-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып, талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл Окмотунун 2023- жылга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планы иш чарасы менен кошо бекитилсин(тиркеме тиркелет).

    2. Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы : Ж.Алыбаев.

    Тиркеме:

    Ак-Жол соц онугуу ишплан 2023 (1)

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
    XIII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5

    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Т.Султамуратовдун Ак-Жол айыл Окмотунун 2022-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып, талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы : Ж.Алыбаев.

    Тиркемелер:
    бюджет 2023 жыл

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
    XIII сессиясынын
    Т О К Т О М У № 6/1

    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын Бер-Булак айылына Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Асаналиев Анаркулдун ысмын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселесинин 6/1пункту боюнча айылдык аймактык Кеңештин Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Бостонова Гүлнаранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XIII сесиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1.Ак-Жол айыл аймагынын Бер-Булак айылындагы жалгыз көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Асаналиев Анаркулдун ысмын ыйгаруу токтотулуп кайрадан айыл тургундарына кароого жөнөтүлсүн..

    2.Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

    ТОКТОМ №6/2
    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы.

    .

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселесинин 6/2пункту болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сесиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Кесип кошун бирдигинин 16-январь 2023-жылдагы болгон отурумунун чечими негиздүү деп табылып айыл өмөтүнүн Мал чарба адиси Т Суеркуловдун жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Ч Сейитбековдун көп жылдык эмгеги бааланып Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын..
    2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагыайылдык Кеңештин жооптуу катчысы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.

    Төрага: Ж.С.Алыбаев.

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

    ТОКТОМ № 6/3
    2023-жылдын 27-январы Ак-Жол айылы.

    Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясынын депутаттары күн тартибиндеги 6/2 маселеси болгон М.Сыдыков атындагы №17-жалпы билим берүүчү мектептин педагогикалык жамаатынын 2023-жылдын 16-январындагы №3 -токтомун карап жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл аймагынын М.Сыдыков атындагы №17-жалпы билим берүүчү мектептин мугалими ,Кыргыз Республикасынын”Ардак грамотасы”,Кыргыз Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”,”Ардак белгиси” төш белгисинин ээси, ”Эл агартуунун мыктысы”, Ак-Жол айыл аймагынын “Адактуу атуул” наамдарынын ээси Берикбаева Сейилбүбү Саламатовнанын көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына сунуштоо менен кайрылган М Сыдыков атындагы №17-жалпы билим берүүчү мектептин педагогикалык жамаатынын 2023-жылдын 16-январындагы №3 –
    –токтому негиздүү деп табылсын жана жогорку инстанцияларга бул токтомду колдоп берүү жагы сунушталсын. .
    2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетинин төрайымы Г.Т.Бостоновага милдеттендирилсин.

    Төрага: Ж.С.Алыбаев.

    Posted by admin @ 09:30

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]