[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IX -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2022-жылдын 13-майы.                                                                          Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнун аймагындагы жаңыдан  курулуп  ишке берилген обьектилердин  талапка  жооп  берерлиги  тууралуу депутаттык комиссиянын  көзөмөлдөөсү жөнүндө.

              Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  IX -сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси болгон  Ак-Жол айыл өкмөтүнун аймагындагы жаңыдан  курулуп  ишке берилген обьектилердин  талапка  жооп  берерлиги  тууралуу депутаттык комиссиянын  көзөмөлдөөсү жөнүндө  айылдык  Кеңештин депутаттары көтөрүлгөн  маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги  IX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнун аймагындагы жаңыдан  курулуп  ишке берилген обьектилердин  талапка  жооп  берерлиги  тууралуу депутаттык комиссиянын  түзүлүшү курулуп  жаткан  обьектилердин  сапаттуу жана  өз убагында курулуусуна  өбөлгө боло тургандыгы  белгиленсин.
    2.  Жумушчу топтун  толук кандуу  иш алып баруусуна ар тараптуу көмөк көсөтүү жагы айыл өкмөт башчыына  жүктөлсүн,
    3. Аткарылып жаткан иштер боюнча жергиликтүү тургундарга , айылдык Кенештин депутаттарына маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысы Т Султамуратовго  милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Ж Алыбаев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IX -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2022-жылдын 13-майы.                                                                          Ак-Жол  айылы.

     Ак-Жол айыл өкмөтүнун аймагындагыкалктуу конуштар  боюнча ыксыз чыгымдарды жоюу максатында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  IX -сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнун аймагындагы калктуу конуштар  боюнча ыксыз чыгымдарды жоюу максатында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айылдык  Кеңештин депутаттары көтөрүлгөн  маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги  IX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1.  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54-Жарлыгына  негиз Ак-Жол айыл өкмөтүнүн кабыл алган токтому,  иш чарасы  жана жумушчу  топ даярдаган  Жобо жактырылсын
    2. Кабыл алынган Жобо  калктын  калың катмарына жеткирилсин жана  аткарууга алынышы боюнча тыкыр көзөмөлгө алынсын..
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча  турктуу комиссияга милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Ж Алыбаев.


    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин 13-май 2022-жылдагы

    №2-токтому менен бекитилди

    Кыргыз  Республикасынын  прездентинин 2022-жылдын   24-февралындагы  “Кыргыз Республикасында  үй-булөлүк   салтанаттарды  жана маркумду   эскерүү   үрп адаттарын тартипке келтирүү   боюнча  чаралар  жөнүндө  “   №54  жарлыгына   ылайык, Ак-Жол   айыл өкмөтүндөгү  каада салттарды  үрп-адаттарды  тартипке келтирүү, Үй бүлөлүк  мааракелик салт санааларды,  маркумду эскерүү  үрп адаттарын жана маркумга  арналган  иш  чаралардын  өткөрүү  тартибинин

    ЖОБОСУ.

    1.Кара   ашка  союлуучу  жана бышырылуучу  тамак  аш, ( бир кой  жана 20кг  күрүч) маркум  өткөн жерден башка үйдө же болбосо 2-3 үйдөн  кийин  тууган уруктарыныкында  мал сойюлуп  тамак аш бышырылат.

    Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.

    1. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келүүчүлөрдүн түйүнчөк сарпай же кийит көтөрүп келүүсүнө, ырымдап сандык ачууга “көк кийди” “ак кийди” “тон жапты” “жыртыш таратуу” сыяктуу ырым жырымдарды жасоого тыюу салынат.
    2. Маркумду узаткандан (3 күндөн) кийин белгилүу  бир  күндүн  ичинде эч кимден карыз албай( эксан катары  куран окутса болот).
    3. Маркум өткөндөн кийин  кыздарын  жеткизиш  жана кудай кылып мал союш  токтотулсун.
    4. Маркумду узаткандан кийин  бейшенбилик , кырк  өткүзүү , жана жылдык  кылуу  токтотулсун.
    5. Маркумду узаткандан кийин   белгилүү  бир  убакта Аш берип куран окутса  болот
    6. Орозо жана Курбан айт майрамдарын салттуу маркум өткөн үйгө барып куран окуу, ыксыз чыгымга жол бербөө менен үй-бүлөлүк майрам катары белгилөө. 8.Сөөк коюуда  жана  аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди пайдаланууга жол берилбейт.

    Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.                     

    9.Үйбүлөлүк  салтанаттарга  Бешик той , Тушоо кести той, Ажы той,  Сүннөт  той өткөрүүдө  бир  туугандарына  кийит  кийкийгизүү, себет  көтөрүү  палас , килем   жана  башка соорундар, үйбүлөлүк майрам катары белгиленген салтанаттары  100 адамдан ашбай өткөрүлсүн.

    10.Кыз узатууда  жана  келин алууда  бир жеңил  машына, бир жүргүнчүлөрдү ташуучу16 орундуу авто унаадан ашык чыгарбоо, чакырылган меймандардын саны 250 дөн ашырбоо.

    11.Кыз тойдо жана келин той  берүүдө  сооруну  , оюн зооктору  жок  өткөрүлсүн.

    1. Уултой (небере той) мүмкүнчүлүкө  карата   өткөрүлө  берет.

    13.Мектептерде  акыркы  коңгуроодо майрамдык кечелер  туулган күн өткөрүү  алипе  майрамында  мугалимдерге  белек  берүү  токтотулсун.

    Жобонун  талаптарын  бузгандык үчүн  жоопкерчилик.

    Райондун  аймыгында,  уйбүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым жырымдарын  өткөрүү  боюнча жобонун  талабын  бузгандыгы   үчүн  жарандарга  10 миң сом  айып пул  салуу жана  тиешелүү  органдарга токтоосуз  маалымат берүү , айыл  өкмөт тарабынан  тиешелүү чаралар көрүлөт.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IX -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2022-жылдын 13-майы.                                                                          Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнун аймагындагы калктуу конуштардагы элди  тейлеп жаткан  медициналык мекемелердин CОVID  19  оорусун  алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери  жана эмдөөнүн жүрүшү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  IX -сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнун аймагындагы      конуштардагы элди  тейлеп жаткан  медициналык   мекемелердин CОVID  19  оорусун  алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери  жана эмдөөнүн жүрүшү жөнүндө айылдык  Кеңештин депутаттары көтөрүлгөн  маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги  IX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы  медициналык  мекемелердин  CОVID  19  оорусун  алдын алуу боюнча калктын калың катмарына  түшүндүрүү иштери  жана эмдөө иштеринин  жүрүшү  өз  деңгеелинде  экендиги  белгиленсин.
    2.  Айыл аймагындагы  мекеме-ишканаларда жана  соода точкаларында санитардык  абал  CОVID19 оорусунун  басаңдаганына карабастан   тыкыр көзөмөлгө  алынсын

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Ж Алыбаев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IX -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2022-жылдын 13-майы.                                                                          Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын негизги  авто жолдорун тейлеген   ДЕП 38 ишканасынын  жүргүзүп жаткан  иштери жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  IX -сессиясынын күн тартибиндеги 4-маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын негизги  авто жолдорунтейлеген   ДЕП 38 ишканасынын  жүргүзүп жаткан  иштери жөнүндө айылдык  Кеңештин депутаттары көтөрүлгөн  маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги  IX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  аймагындагы ДЕП 38 ишканасына  караган жолдордун учурдагы абалы талапка  жооп  бербестиги  белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Ж Алыбаев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IX -сессиясынын

     ТОКТОМУ №5

    2022-жылдын 13-майы.                                                                          Ак-Жол  айылы.

    М Сыдыков, О Ташкулов, Т Тынбеков, А Мырзабеков  атындагы  жалпы билим  берүүчү мектептеринин  бүтүрүүчү класстарынын акыркы  конгуроо салтанатына  даярдыгы жана мектеп жетекчилеринин  бүтүрүү кечелери боюнча  жүргүзүп  жаткан иштери жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  IX -сессиясынын күн тартибиндеги 5-маселеси болгон  М Сыдыков, О Ташкулов, Т Тыныбеков, А Мырзабеков  атындагы  жалпы билим  берүүчү мектептеринин  бүтүрүүчү класстарынын акыркы  конгуроо салтанатына  даярдыгы жана мектеп жетекчилеринин  бүтүрүү кечелери боюнча  жүргүзүп  жаткан иштери жөнүндө айылдык  Кеңештин депутаттары көтөрүлгөн  маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги  IX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептеринде бүтүрүүчү класстардын “ Акыркы  коңгүроо “ салтанатына даярдыгы өз нугунда жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
    2. Баардык мектеп жетекчилери   бутүрүүчү класстардын  окуучулары менен бүтүрүчүлөрдүн  коопсуздугу жөнүндө түщүндүрүү иштерин колго алышып  ата-энелер менен биргеликте ошол күндөрү өтө турган  ар кандай оюн-зооктордун болтурбоо   жагын макулдашуу боюнча иш алып барышсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Ж Алыбаев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IX -сессиясынын

     ТОКТОМУ №6/1

    2022-жылдын 13-майы.                                                                          Ак-Жол  айылы.

     “Ак-Жол  Тазалык “ишканасынын 1 жылдык сметасын жана өндүрүштүк  программасын  бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  IX -сессиясынын күн тартибиндеги 6/1-маселеси болгон Ак-Жол  Тазалык “ишканасынын 1 жылдык сметасын жана    өндүрүштүк    программасын  бекитүү жөнүндө айылдык  Кеңештин депутаттары көтөрүлгөн  маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги  IX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  алдындагы  “Ак-Жол  Тазалык “ишканасынын 1 жылдык сметасы алымча –кошумчасы менен бекитилсин.
    2. “Ак-Жол  Тазалык “  ишканасынын  өндүрүштүк  программасы боюнча  кеңири   маалымат берүү колго алынсын

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Ж Алыбаев.


     

    Posted by admin @ 17:05

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]