[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагында жургузулуп жаткан иштер. отключены

    Апрель окуясынын катышуучусун эскерүү.

             Ак-Жол айыл өкмөтүнүн тургуну , апрел окуясынын катышуучусу Дурусбеков Бердибекти эскерүү үчүн Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Мырзамамытов Масалбек Мырзапарович өзү келип, Бердибектин  жаркын элесине куран түшүрүп, атасы менен апасына көңүл айтуу менен сый белектерди тапшырды.


    Нооруз- жаңылануу майрамы !

              Ак-Жол айыл аймагындагы бардык айылдарда Нооруз майрамы жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү . Майрам жаз алды менен болгондуктан жаңылануу тазалануу, аруулуктун  мезгили келгенин кабарлап тургансыйт. Айылдарда жашоочулар турак-жайларын акилеп, короо-жайын тырмап тазалануу менен бирге бири-бирине жакшы сөз, жылуу мамиле жасап майрамда көңүл ачышты. Айыл  өкмөтүнүн жергилитүү бюджетинин эсебинен  ар кандай спорттук мелдештер уюштурулду.


    8 март-аялзатынын  эл аралык  майрамы!

    Жалпы аялдардын эл аралык күнү болгон 8-март жаз майрамына карата Ак-Жол  маданият үйүндө Ак-Жол айыл өкмөтү демөөрчүлүк кылып , «Баатыр энелерге» элдик таланттардын жардамы менен кече өткөрүп берди.  Бул иш чарага 160 «Баатыр эне» , 90 жаштан жогорку 11 кары энелер жана алдынкы эжекелер катышты.

    VID_20180308_120314


    Эр эрдиги унутулбайт !

    Ак-Жол айыл өкмөтүндө Афганистан согушунун жана Баткен окуясынын катышуучуларына  23-февраль –Мекенди коргоочулар күнүнө карата  М.Сыдыков  атындагы жана Т.Тыныбеков атындагы орто мектептерде  майрамдык кечелер уюштурулуп, сый тамактар берилди. Ошондой эле окуучуларды патриоттук сезимге тарбиялоо максатында жолугушуулар уюштурулду.


    Ак-Жол айыл аймагында жургузулуп жаткан иштер.

    Ак-Жол айыл аймагында  жаны жылдын жанырышы менен бир топ конул жылыткан алгылыктуу иштер башталды . Ак-Жол айыл аймагынын Коргон-Тобо участкасында жашаган 60 тутун элдин жол каттамы элдин негизги койгойлорунун бири болуп келген. Жол бир топ татаал болгондуктан , бийиктиги томондотулуп , кенейтилип бир топ ынгайлуу абалга келтирилди.


    ДЕМООРЧУЛУК ЖАРДАМ

    Ак-Жол айылындагы камкордука муктаж атуулдарыбызга демоорчулор тарабынан колдоолор корсотулуудо. Атап айтканда Ак-Жол айыл аймагынын Райкомол  айылынын тургуну Тажибаева Мира бир топ жылдан бери камкордука муктаж  майып. Бугун демоорчулорубуз тарабынан коляска белеке беришти.

     


     

  • 2017-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын токтому отключены

    shapka


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2017-жылдын 17-майы.                                                                          Ак-Жол  айылы.

    Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    биринчи маселеси Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология, өнөр жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөнүн абалы өз деңгеелинде экендиги белгиленсин.
    2. Аксы токой чарбасынын директорунун чарбачылдыгы , иштин көзүн таба билгендиги , элдин оозундагы алкоо сөздөрү, элдин ыраазычылыгы жетекчинин жүргүзгөн иши учур талабына жооп берерлиги белгиленсин

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

                 



       Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2017-жылдын 17-майы.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин  экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши негизинен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. Ак-Жол базарында сатуучулар жана кардарлар үчүн жакшы шарттарды түзүү , мал базарды ылайыкташтыруу жагы Ак-Жол базарынын жетекчиси  Н.Мырзабековго милдеттендиирлсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2017-жылдын 17-майы.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн  Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү долбоорун сунуш кылуу жөнүндө .

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн  Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү долбоорун сунуш кылуу жөнүндө А.Сатыбалдиевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү  фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо проектисине  сунуш кылуу үчүн  Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү  долбоору алгылыктуу деп табылсын .
    2. Бул долбоордун тиешелүү иш кагаздарын жана документтерин даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн соц .адиси А.Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.


                 


     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2017-жылдын 17-майы.                                                                 Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жалпы билим берүүчү, негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайын берүүнүн абалы, М.Сыдыков жана А.Жуманазаров мектептерин жетектеген жетекчилердин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    төртүнчү  маселеси Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жалпы билим берүүчү, негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайын берүүнүн абалы, М.Сыдыков жана А.Жуманазаров мектептерин жетектеген жетекчилердин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү  социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III –сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  аймагындагы  М.Сыдыков атындагы жалпы билим берүүчү, А.Мырзабеков атындагы негизги мектебинде шашке чайын берүүнүн абалы жана мектептин тазалыктары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
    2. Айыл  Окмотунун аймагындагы  О.Ташкулов атындагы  жалпы билим берүүчүү мектебинде холодильниктин  бузук болушу ,идиш-аяктардын жетишсиздиги , тамак ичуучу жайдын сыздыгы мектеп жетекчилигинин кемчилиги катары баалансын.
    3. М.Сыдыков мектебинин жетекчиси К.Камбаровдун жыл ичинде жүргүзгөн иши “үлгүлүү” деп баалансы н жана А.Жуманазаров мектебинин жетекчиси Ж.Алимбекованын жыл ичинде жүргүзгөн иши  “Канааттандырарлык”  деп баалансын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



      Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2017-жылдын 17-майы.                                                                      Ак-Жол  айылы.

    Аскердик каттоо жана жарандарга паспорт берүүдөгү айыл  Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги  бешинчи маселеси Аскердик каттоо жана жарандарга паспорт берүүдөгү айыл  Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартибин сактоо,депутаттык этика , мандат, регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясы            

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Аскерге каттоо жана  элге паспорт берүүдөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана 50-33/3 Жаңы-Жол паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери учур талабына туура келээрлиги белгиленсин.
    2. Калк арасындагы  сын-пикирлерди эске алуу менен  мындан ары альтернативалык кызматтагы уландардын колуна тиешелүү документтерин өз убагында бүткөрүп берүү жагы ВУС кызматкери Айталиев Максатка милдеттендирилсин .

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6

    2017-жылдын 17-майы.                                                                Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  салык кызматкеринин мамлекеттик салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы  жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги  алтынчы маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  салык кызматкеринин мамлекеттик салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы  жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн билдируусун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III- сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  2017-жылдын 5 айына карата мамлекеттик салыктардын жана жыйымдардын топтолушу ,план тапшырмалардын аткарылышы ,салыктын кээ бир түрү толбогондугуна карабастан жалпысынан аткарылгандыгы белгиленсин.
    2. Айыл  Өкмөтүнүн салык кызматкери Н Мырзатаевге салыктын кээ бир аткарылбаган түрлөрүнүн үстүндө иш алып баруу жагы милдеттендирилсин жана элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7/1

    2017-жылдын 17-майы.                                                        Ак-Жол  айылы.

    Шынаа, Кара-Тыт айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/1-  маселеси боюнча Шынаа айылынын айыл башчысы А.Мырзагуловдун жана  Кара-Тыт айылынын айыл башчысы С.Асаналиевдин  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

                                                                                     Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Шынаа айылынын айыл башчысы Н Сабитбековдун  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, эл менен иш алып баруусу канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. Кара-Тыт айылынын айыл башчысы С.Асаналиевдин  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы канааттандыралык деп табылсын.

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7/2

    2017-жылдын 17-майы.                                                               Ак-Жол  айылы.

    Шынаа айылындагы спорт залга Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин   ысымын ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/2- маселеси Шынаа айылындагы спорт залга Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин   ысымын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

     Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, спорт чебери Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ысымын Шынаа айылындагы жаны курулган спорт комплекске  ыйгаруу боюнча кайрылган Шынаа айылынын тургундарынын кайрылуусу негиздүү деп табылсын.
    2. Спорт комплекстин мындан ары иштешине, келечек муундарды татыктуу тарбиялоо үчүн спорттук секцияларды уюштуруп ,атайын штаттык бирдиктерди ачууга жардам көрсөтүү жагы Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтен суралсын.

           Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7/3

    2017-жылдын 17-майы.                                                                Ак-Жол  айылы.

    Айылдык дабагер Сатылганова Токтокан  эженин дарылануучуларынын кайрылуусун кароо  жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/3- маселеси Айылдык дабагер Сатылганова Токтокан  эженин дарылануучуларынын кайрылуусун кароо  жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы                                                                                  

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Жеке менчик ишкана куруу үчүн жер аянты КР Мыйзамдарына ылайык бекер ажыратылып берилбестиги жөнүндө кайрылуучуга маалымат берилсин.  

     

           Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7/4

    2017-жылдын 17-майы.                                                             Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси  М. Смановдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/4- маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси  М. Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Асфальт төшөө иштери башталганы жаткандыктан Ак-Жол , Райкомол айыл тургундарынын короо-жайына туш келген , жалпысы 4068 м2 жер аянты жол куруу үчүн өткөрүлүп берилсин (тизме тиркелет).
    2. Айылдык Кеңештин жана айыл Өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев.

     



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7/5

    2017-жылдын 17-майы.                                                           Ак-Жол  айылы.

    Айылдык Кеңештин депутаты Конурбаев Абдибалинин жалпы калайык калкка жасаган кайрылуусун талкуулоо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/5- маселеси Айылдык Кеңештин депутаты Конурбаев Абдибалинин жалпы калайык калкка жасаган кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

                                                                                      

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Айылдык Кеңештин депутаты Конурбаев Абдибалинин жалпы калайык калкка жасаган кайрылуусуна көптөгөн тургундардан кайчы пикир түшкөндүгүнө байланыштуу колдоого алынбай тургандыгы белгиленсин.
    2. Көтөрүлгөн маселени кайрадан карап иштеп чыгуу жагы Айылдык Кеңештин депутаты Конурбаев Абдибалиге милдеттендирилсин.

           Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III –сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7/6

    2017-жылдын 17-майы.                                                                Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин  “Ардактуу  атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/6- маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин  “Ардактуу  атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аткаруучу директору Абыкеев Алмазбек Кеңешовичке Ак-Жол айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын .
    2. “Ардактуу атуул” наамын тапшыруу аземин уюштуруу жана тиешелуу иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев

     



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III –сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7/7

    2017-жылдын 17-майы.                                                    Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин  “Ардактуу  атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/6- маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин  “Ардактуу  атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

                                                                                      

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Жалал –Абад облусундагы координатору Токоев Сапарбек Исабековичке Ак-Жол айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын .
    2. “Ардактуу атуул” наамын тапшыруу аземин уюштуруу жана тиешелуу иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III –сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7/8

    2017-жылдын 17-майы.                                                      Ак-Жол  айылы.

    Жол-Бакан, Көк-Кыя , Кара-Тыт маселелери боюнча  Тегене , Шынаа айылдарынын айыл    тургундарынын  кайрылуусун кароо жөнүндө.

     Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/8- маселеси  Жол-Бакан, Көк-Кыя маселелери боюнча  Тегене , Шынаа айылдарынын айыл  тургундарынын  кайрылуусу боюнчаАк-Жол айыл Окмотунун салык  инспектору Н Мырзатаевдин билдирүүсүн угуп, 3-декабрь 2014-жылдагы  Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимине негиз Кыргыз Республикасынын  айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” инсититутуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициянын адистери тарабынан даярдалган Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер пайдалануусунун долбоорлоо план картасын бекиткен Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХII – сессиясын жетекчиликке алып Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

                                                                                      

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун “Ош облусунун Жаңы-Жол районунда Ак-Жол селолук советин түзүү жөнүндөгү”  1968-жылдын 25 –ноябрындагы № 421- VII указынын негизинде Ак-Жол айыл округунун картасын сызып берүүнү милдеттендирген Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 3-декабрь 2014-жылдагы чечимине таянып мындан ары жалпы талашка түшүп жүргөн   Жол-Бакан, Көк-Кыя , Кара-Тыт участкалары Ак-Жол айыл Өкмөтүнө таандык деп таанылсын .
    2. Аты аталган участкалардагы мал жайыты боюнча болуп келген тирешүүлөрдү жөнгө салуу , талоонго түшүп жаткан токой аянттарын көзөмөлдөөнү колго алуу жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
    3. Тиешелуу иш кагаздарын тактап берүү жагы Аксы райондук каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн суралсын.

        

     Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7/9

    2017-жылдын 17-майы.                                                              Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын ачык айкындуулук паспортун алууга жиберилүүчү билдирмени бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/9- маселеси  Ак-Жол айыл аймагынын ачык айкындуулук паспортун алууга жиберилүүчү билдирмени бекитүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы                                                                                  

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл аймагынын ачык айкындуулук паспортун алууга жиберилүүчү билдирмеси негиздүү  деп табылсын .
    2. Ак-Жол айыл аймагынын ачык айкындуулук паспортун алууга жиберилүүчү билдирме сынакка катышуу үчүн “Ханнс Зайдель” фондуна жана Кыргыз Республикасынын  ϴкмөтүнүн алдындагы Этностор аралык мамилелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жиберилсин.

        

     Ак – Жол    айылдык  аймактык    

                            Кеңешинин  төрагасы:                                        Т.Батыралиев

     

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Тиркеме отключены

    [download-attachment id=»178″ title=»Токтомуна тиркеме»]

  • 2017-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл Окмотундогу курулуучу жолдун жээгиндеги жашаган кожолуктардын ар биринин огородунун аянты канча жерге ээ,канча жер кошумча пайдаланат отключены

    Ак-Жол айыл Окмотундогу курулуучу жолдун жээгиндеги жашаган кожолуктардын ар биринин огородунун аянты канча жерге ээ,канча жер кошумча пайдаланат. Канчасы асфальт курулууда кыскарат.

    [download-attachment id=»172″ title=»АСФАЛЬТ -2 км»]

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Аксы районунун айыл окмотторунун жергиликтуу бюджетинин 2016-2019жж учун болжолдуу долбоору отключены

     [download-attachment id=»175″ title=»Аксы районунун айыл окмотторунун жергиликтуу бюджетинин 2016-2019жж учун болжолдуу долбоору»]

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]