АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН
2026-жылдын 13- февралы № 8 Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин жана көмүү жайларын брондоо жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин жана көмүү жайларын брондоо жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология ,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын билдирүүсүн берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 19-августундагы № 502-токтомун аткарууга алуу максатында Ак-Жол айыл аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин жана көмүү жайларын брондоо жөнүндө типтүү келишими бекитилсин.
2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: Т. Султамуратов
