АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 3 Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнун орун басар-жооптуу катчысы Эшимбеков Нуралынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы иш чарасы менен кошо бекитилсин.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
Төрага: Т. Султамуратов
