АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 2/3 Жаңы-Жол айылы
2026-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн 2027-2028-2029- жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болот жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-2028-2029- жылдарга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору айтылган сунуштардыэске алуу менен түзүлгөн эсептөөлөргө негиз бекитилсин. 2. Түзүлгөн болжолдуу киреше бөлүгун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.
. 4. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага: Т. Султамуратов
