АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН II-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 2/2 Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болот жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин II-чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы токтом кылат:
1. 2026-жылдын 1-январына карата калган 6894,9 (алты миллион сегиз жүз токсон төрт миң тогуз жүз) сом акча каражаты №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына Тасмабек уулу Болотко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сейитбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Т.Султамуратов
| Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 13-февраль №2/2 токтомуна №1-тиркеме | ||||
| Калдык 2026-жылдын 1 январына | ||||
| № | Аталышы | Сумма | Берене | Бөлүмдөр |
| 0,0 | ||||
| 1 | Жайыт жакшыртууга | 123,5 | 2215 | 704 |
| 2 | Кызыл-Бейит айылындагы паром токтоочу жайдын курулушуна причал курууга технадзор жалдоо | 25,0 | 2215 | |
| 3 | Тамчы МЧББ уюмуна камера орнотууга | 158,0 | 709 | |
| 4 | Кой-Таш айылына труба алуу | 698,2 | 70629 | |
| 5 | Райкомол айылындагы күрөш залдын өздүк салыма | 3000,0 | 3111 | 70629 |
| 6 | Кызыл-Бейит айылындагы паром токтоочу жайды толук бүтөрүүиштерине | 400,0 | 2214- 2221 | 70629 |
| 7 | М. Сыдыков мектебине отказан алуу | 620,0 | 3112 | 70921 |
| 8 | Өздүк салымдар жазылган долбоорлорго (О.Ташкулов — 792,8; Орозалиев — 769,8; Оор жүк ташуучу машина ХОВО машина — 2200,0) | 1870,2 | ||
| 6894,9 |
