[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешинин II чакырылышынын кезектеги

    V сессиясынын

    ТОКТОМУ №2

    2025-жылдын 20-июну                                                                       Жаңы-Жол айылы 

     Ак-Жол айыл аймагындагы уюшулган  коомдук  уюмдардын (Аксакалдар Кеңеши,  Аялдар Кеңеши, Жаштар уюму) жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги экинчи    маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагындагы уюшулган  коомдук  уюмдардын (Аксакалдар Кеңеши,  Аялдар Кеңеши, Жаштар уюму) жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө  Ак-жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Бостонова Гүлнара  Төлөгөновнанын

      билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II — чакырылышынын   кезектеги  V сессиясы

                                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1.Аксакалдар Кеңеши жана Аялдар Кеңешинин аткарып жаткан иштери негизинен айыл өкмөтүнүн калк арасында жүргүзуп жаткан саясатына  дал келерлиги белгиленсин.

    2.Коомубуздун кыймылдаткыч күчү болгон жаштардын башын бириктирген уюмдун түзулбөгөндүгү айыл өкмөттүн кайдыгерлиги деп  табылсын.

    3. Тез аранын ичинде жаштардын уюмун түзүү жагы колго алынсын.

                          Ак-Жол айыл аймагынын айылдык 

            Кеңешинин  төрагасы:                                     Т.Султамуратов

    Posted by admin @ 08:52

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]