
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын Токтому № 6/3
2025-жылдын 25-апрели Жаңы-Жол айылы
Кой-Таш айылынын тургуну Дооранов Анарбайдын жеке мсенчигиндеги жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги 6/3 маселеси болгон Кой-Таш айылынын тургуну Дооранов Анарбайдын жеке мсенчигиндеги жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө. айыл өкмөтүнүн орунбасар-жооптуу катчысы Эшимбеков Нуралынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кой-Таш айылынын тургуну Дооранов Анарбайдын жеке мсенчигиндеги жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндөгү жазган арызы канааттандырылсын.
2.. Кой-Таш айылындагы идентификациялык номери 3-03-06-1002-0305 болгон жер аянты Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
3.Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин
Төрага : Т Султамуратов