
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын Токтому №1
2025-жылдын 25-апрели Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагындагы бадачылардын ,механизаторлордун,эмгек акысы ,белгиленген айып акылардын өлчөмүн ,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, жакынкы, алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө жана тоют топтоодогу тарифтерди бекитүү боюнча айыл өкмөтүнун сунушун бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагындагы бадачылардын ,механизаторлордун,эмгек акысы ,белгиленген айып акылардын өлчөмүн ,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, жакынкы, алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө жана тоют топтоодогу тарифтерди бекитүү боюнча айыл өкмөтүнун сунушун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнун орунбасар-жооптуу катчысы
Эшимбеков Нуралынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде калктуу конуштардагы элдик жыйындардан келип түшкөн сунуштар ,2025-жылдын 25-апрелиндеги айылдык кеңешке сунушталган баалар кээ бир алымча кошумчасы менен жактырылсын.
- Айыл өкмөтүнун аймагындагы калктуу конуштардын тургундарын жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү сунушта көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу жагы айыл башчыларга жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
- Айыл аймагынын калктуу конуштарына сырттан алынып келинген малдарды кайсыл территория болбосун айыл өкмөтүнүнбү же токой чарбасынын аймагына алынып келинген мал түрүнө карабастан ветеринардык көзөмөлдөн өтүүгө милдеттүү экендиги белгиленсин.
- Жайыттарды жана чөп чабындыларды пайдалануунун эрэжелерин бузган атуулдарга Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар кодексинин 27-главасынын №252-беренесине негиз айып салынары эскертилсин.
- Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин
Төрага : Султамуратов
Recent Comments