[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын Токтому № 6/2 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  II чакырылышынын кезектеги IV  сессиясынын                                  Токтому № 6/2

    2025-жылдын 25-апрели                                                                         Жаңы-Жол айылы

      Ак-Жол айыл аймагынын  аймагындагы Караган-Сай ,Шынаа,Бел-Өрүк айылдарына айыл статусун ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги  IV  сессиясынын күн тартибиндеги  6/2маселеси болгон  Ак-Жол айыл аймагынын  аймагындагы Караган-Сай ,Шынаа,Бел-Өрүк айылдарына айыл статусун ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө. айыл өкмөтүнүн орунбасар-жооптуу катчысы Эшимбеков Нуралынын   билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  IV сессиясы

                                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл аймагынын  аймагындагы Караган-Сай ,Шынаа,Бел-Өрүк айылдарына айыл статусун ыйгаруу боюнча негизделген критерийлерге туура келгендиктен  айыл статусун алууга  тиешелүүдокументтерди  даярдоого макулдук берилсин
    2. Ак-Жол айыл  аймагындагы.”Айыл” статусу 3 калктуу конуштардын “Караган-Сай”,”Шынаа”, “Бел-Өрүк” аталыштарыжана ушул калктуу конуштардын Схемалык картасындагы  чек ара баяндамасы бекитилсин.
    3. Жогорудагы аталган айылдар боюнча керектүү документтерди тактап, Аксы райондук  мамлекеттик администрациясына  тапшыруу жагы Жер  ресурстарын эсепке алуу жана жер мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча башкы адиси Ы Молорбаевге жүктөлсүн.
    4.  Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин                                  

                                         Төрага  :                             Т Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын Токтому № 6/1 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  II чакырылышынын кезектеги IV  сессиясынын                                  Токтому № 6/1

    2025-жылдын 25-апрели                                                                         Жаңы-Жол айылы

       Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу”  наамын ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги  IV  сессиясынын күн тартибиндеги  6/1маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу”  наамын ыйгаруу жөнүндө Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча  Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин туруктуу комитетинин мүчөсү Майрыкова Аиданын  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  IV сессиясы

                                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылынын тургуну  Жуманалиева Дилдекан Жакыповнага жана  Жаңы-Жол айылынын тургуну Умарова Суюндун  келечек муундарын  окутуп  тарбиялоодогу  жетишкен ийгиликтерин жана көп жылдык  үзүрлүү эмгектерин  баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу”  наамы ыйгарылсын.

    2. . Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин                                  

                                     Төрага  :                             Т Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын Токтому №4 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  II чакырылышынын кезектеги IV  сессиясынын                                  Токтому №4

    2025-жылдын 25-апрели                                                                         Жаңы-Жол айылы

     Ак-Жол айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  китепкана кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан  иштеринин ,китеп  сүйүүчүлөрдүн китепкана менен болгон  байланышынын учурдагы  абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги  IV  сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү маселеси болгон Ак-Жол айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  китепкана кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан  иштеринин ,китеп  сүйүүчүлөрдүн китепкана менен болгон  байланышынын учурдагы  абалы жөнүндө Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча  Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин туруктуу комитетинин мүчөсү Майрыкова Аиданын  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  IV сессиясы

                                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1.Ак-Жол   айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  алдындагы  китепканалардан Ф №7-Жаңы-Жөл  айылындагы  ктипканачы Таштанова Тынаранын  жүргүзгөн иштери алгылыктуу деп табылсын.

    2. Айыл өкмөтүнүн  алдындагы  китепканалар Ф № 20Райкомол,Ф №8 Ак-Жол, Ф№17 Тегене,Ф № 16 Жаңы-Жол  балдар китепканасынын башчыларына № 7 Жаңы-Жол  китепканасынын базасында  китеп сүйүүчүлөрдүн  санын кантип  көбөйтсө болот жана демөөрчүлөр менен кандай иш алып барууга болт деген темалардын  астында семинар өткөрүп  Таштанова Тынаранын  иш тажрыйбасы  жайылтылсын.

    3. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

                               Төрага  :                             Т Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын Токтому №3 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  II чакырылышынын кезектеги IV  сессиясынын                                  Токтому №3

    2025-жылдын 25-апрели                                                                         Жаңы-Жол айылы

     Ак-Жол айыл  өкмөтүнүн кабыл алган  2025-жылдын бюджетине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги  IV  сессиясынын күн тартибиндеги  үчүнчү маселеси болгон Ак-Жол айыл  өкмөтүнүн кабыл алган  2025-жылдын бюджетине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу  Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  IV сессиясы

                                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1.Ак-Жол айыл өкмөтүнун 3-февраль 2025-жылы кабыл алынган бюджетине атап айтканда 3/1  токтомунун 9-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн2025-жылга карата өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнө бөлүнгөн 1000,0сом акча каражатынан 400,0сом акча каражаты 222 беренесинен 2214 беренесине жылдырылсын.

    3. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык аймагынын айылдык кеңешининалдындагы бюджет жана соода байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалыга  жүктөлсүн.

    6. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

                             Төрага  :                                             Т Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын Токтому №2 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешинин II чакырылышынын кезектеги

    IV сессиясынын

    Токтому №2

    2025-жылдын 25-апрели                                                                     Жаңы-Жол айылы

    Ак-Жол   айыл аймагында жайгашкан башталгыч,негизги жана жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жанакелечек муундарын тамак аш менен камсыздоонун абалы жөнүндө.                                                                

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги IV  сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи маселеси болгонАк-Жол   айыл аймагында жайгашкан башталгыч,негизги жана жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жанакелечек муундарын тамак аш менен камсыздоонун абалы жөнүндө Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча  Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин туруктуу комитетинин мүчөсү Майрыкова Аиданын  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  IV сессиясы

                                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол   айыл аймагынын  ар бир калктуу конуштарда жайгашкан башталгыч, негизги жана жалпы билим берүү мектептери боюнча”Мерсико” уюмунан  каржыланган мектептердеги   окуучуларга ысык тамак берүү жагы учур талабына жооп берерлиги белгиленсин.

    2.Кээ бир мектептерде атап айтканда №62 Р Темиров атындагы негизги билим берүүчү мектепке  продукталар  тендершик эмес айылга  каттаган таксистер аркылуу жеткирилип калгандыктан  жеткирилген продуктанын сапатын  атайын комиссия аркылуу тешерилип алуу жагы  колго алынсын.

    3.Ак-Жол айыл аймагындагы  №37 “Тамчы” бала  бакчасындагы жүргүзүлүп жаткан иштер алгылыктуу деп  табылсын.

    4.Ак-Жол айылындагы “Байчечекей” “Султанмуратов Акматбек”,”Ийгилик” атындагы  бала бакчаларда  балдардын саны кескин  азайып кеткендиги эске алынсын жана белгиленген балдардын саны толбосо кыскартуу жүрөрү эскертилсин.

    5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык аймагынын айылдык кеңешининалдындагы бюджет жана соода байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалыга  жүктөлсүн.

    6. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

                             Төрага  :                                             Т Султамуратов

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]