
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги
III сессиясынын
ТОКТОМУ №3
2025-жылдын 20-июну Жаңы-Жол айылы
Паром сатып алуу үчүн Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 12 993 100сом акча каражатын айыл өкмөттүн планына отургузуу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги Vсессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси болгон Паром сатып алуу чн Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 12 993 100сомакча каражатын айыл өкмөттүн планына отургузуу жөнүндөгү
маселе боюнча Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешининин Экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалы Чолпоналиевичтин жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет ,экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуунун негизинде Республикалык бюджеттин бюджеттик каражаттарынын жыл башындагы калдыктарынын эсебинен максаттуу трансферттердин көлөмүн 12.993.100 сом көбөйтүп бөлүнгөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн планына отургузулсун.
2..Бул токтом Аксы райондук финансы-экономикалык бөлүмүнө сунушталсын.
3. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбекке жүктөлсүн.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин төрагасы: Т.Султамуратов
Recent Comments