[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезекcиз VI сессиясынын Токтому №1 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II чакырылышынын кезекcиз VI  сессиясынын 

    Токтому №1

    2025-жылдын 11-июлу                                                                         Жаңы-Жол айылы

    2025-жылдын 11-июлу                                                                                    Жаңы-Жол айылы 

    Ак-Жо айыл ааймагынын балансында турган атайын техникаларды өткөрүп берүү  жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Айыл өкмөттүн балансында турган техникаларды Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган атайын техникаларды айыл өкмөттүн алдындагы “Малкалды” муниципиалдык ишканага иш аткарууга өткөрүлүп берилсин.
    2. Атайын техникаларды короо, көзөмөлдөө жана оң абалда иштетүү жагы “Малкалды” муниципиалдык ишкананын директору Чоноров Нурсултанга милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлгө алуу Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы айыл-чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Керимкуловго жүктөлсүн.
    4. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Ак-Жол айыл аймактык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

                Төрага:                                                                                           Т.Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин II- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын ТОКТОМУ №7/1 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  II- чакырылышынын   кезектеги V сессиясынын

    ТОКТОМУ №7/1

    2025-жылдын 20- июну                                                                            Жаңы-Жол  айылы.

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2014-жылдын 19-декабрындагы №715-токтомуна  ылайык,” Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүү жөнундөгү “Келишимине макулдук берүү жөнундө.

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II чакырылышынын  кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги 7/1 маселеси болгон  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2014-жылдын 19-декабрындагы №715-токтомуна  ылайык,” Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүү жөнундөгү “Келишимине макулдук берүү жөнундөгү айыл өкмөтүнун орунбасар-жооптуу катчысы Эшимбеков Нуралынын

     билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II  чакырылышынын   кезектеги  Vсессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.Кыргыз Республикасынын Президентинин  Иш башкармасына караштуу “Кызмат”мамлекеттик мекемесинин  “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына   айрым  мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына  ылайык  Келишим  түзүүго  макулдук берилсин.

    2.Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен  финансылык каражаттарынын  жергиликтүү бюджеттерге берилүүсү  үчүн Кызматтын дарегине тиешелүү иш кагаздарын даярдап  жөнөтүү жагы  айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айыл аймагынын айылдык

        Кеңешинин  төрагасы:                                         Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин II- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын ТОКТОМУ №6 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  II- чакырылышынын   кезектеги V сессиясынын

    ТОКТОМУ №6

    2025-жылдын 20- июну                                                                            Жаңы-Жол  айылы.

    .  Ак-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы

                                                                               айылдык Маданият үйүнө  ат коюу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II чакырылышынын  кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси болгон    Ак-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы айылдык Маданият үйүнө  ат коюу жөнүндө Ак-жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Бостонова Гүлнара  Төлөгөновнанын билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II  чакырылышынын   кезектеги  Vсессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.Ак-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы жаңыдан курулуп  бүткөн  айылдык Маданият үйүнө  1айылдын  тарыхый аты жана 3 белгилүү инсандын документтери  ат коюу үчүн тапшырылган деп табылсын.

    2.Колго салуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти төкмө акын  Адылов Шекербек Кубанычбековичтин утуп чыккандыгы   белгиленсин.

            Ак-Жол  айыл аймагынын айылдык

        Кеңешинин  төрагасы:                                         Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясынын ТОКТОМУ № 5 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешинин II чакырылышынын кезектеги

    V сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5

    2025-жылдын 20-июну                                                                            Жаңы-Жол  айылы.

    Ж Мамытбеков,К Керимбеков,М.Сыдыков , О.Ташкулов,Т Тыныбеков ,А Мырзабеков жана Р    Темиров  атындагы жалпы билим берүүчү мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын акыркы   конгуроо салтанатына даярдыгы жана мектеп жетекчилеринин   бутүрүү кечелер боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө.

      .

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги Vсессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси болгон Ж Мамытбеков,К Керимбеков,М.Сыдыков , О.Ташкулов,Т Тыныбеков ,А Мырзабековжана Р    Темиров  атындагы жалпы билим берүүчү мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын акыркы   конгуроо салтанатына даярдыгы жана мектеп жетечилеринин   бутүрүү кечелер боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндөмектеп жетекчилеринин  билдирүүлөрүн  угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II  чакырылышынын   кезектеги V сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.Ак-Жол айыл аймагындагы  калктуу конуштар боюнча  жайгашкан  жалпы билим берүүчү мектептериндеги  бүтүрүүчү класстарынын акыркы коңгуроо салтанатынын өтүшү жакшы дептабылсын жана  мектеп жетекчилеринин бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна карата жасаган жумуштары  алгылыктуу деп белгиленсин.

    2.Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн  мамлекеттик сыноолорду ийгиликтүү тапшырыш үчүн  мектеп жетекчилери  ыңгайлүү шарттарды  түзүшсүн.

    3. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына  жарыялансын.

            Ак-Жол  айыл аймагынын айылдык

        Кеңешинин  төрагасы:                                         Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясынын ТОКТОМУ №4 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешинин II чакырылышынын кезектеги

    V сессиясынын

    ТОКТОМУ №4

    2025-жылдын 20-июну.                                                                 Жаңы-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин  6 ай    ичинде  аткарган иштери боюнча маалыматы

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү  маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин  6 ай    ичинде  аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II — чакырылышынын   кезектеги  V сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.Ак-Жол айыл аймагынын  айыл өкмөтүнун башчысы Тасмабек уулу Болотбектин  беш ай аралыгында  жүргүзон иши  канааттандырарлык деп  табылсын.

    2.Айыл өкмөттүн калктуу конуштарында  аткарылып жаткан  жумуштар боюнча  ар бир калктуу конуштун  жашоочуларына  маалымат берип туруу жагы айыл  өкмөт башчысына  милдеттендирилсин..

            Ак-Жол  айыл аймагынын айылдык

        Кеңешинин  төрагасы:                                         Т. Султамуратов

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]