[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз

    VI сессиясынын

    ТОКТОМУ №6

    2025-жылдын 11-июлу                                                                               Жаңы-Жол айылы 

                                                                                   Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2025-жылга социалдык объектилерди жылытуучу көмүрдүн көлөмүн азайтуу жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2025-жылдагы №02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн азайтуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Жол  айыл аймактык кеңешинин

    II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2025-жылдагы №02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 83,7 тонна, 530,7 миң сом ашыкча калдык калгандыктан, 2025-жылдын бюджетинен керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 83,7 тонна көмүр же 530,7 миң сом акча каражаты кыскартылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

               Төрага:                                                                                            Т.Султамуратов

    Posted by admin @ 09:09

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]