
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз
VI сессиясынын
ТОКТОМУ №4
2025-жылдын 11-июлу Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2025-жылга социалдык объектилерди жылытуучу көмүрдүн көлөмүн азайтуу жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2025-жылдагы №02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн азайтуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин
II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2025-жылдагы №02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 83,7 тонна, 530,7 миң сом ашыкча калдык калгандыктан, 2025-жылдын бюджетинен керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 83,7 тонна көмүр же 530,7 миң сом акча каражаты кыскартылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Т.Султамуратов