[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз

    VI сессиясынын

    ТОКТОМУ №3

    2025-жылдын 11-июлу                                                                                    Жаңы-Жол айылы 

    2025-жылга акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн, келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен, акча каражаттарын максаттуу  угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты, ушул бөлүмдүн айыл ичиндеги жолдорду шалалдоого ГСМ сатып алуу үчүн 2214 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 700,0 (жети жүз миң) сом акча каражаты, ушул бөлүмдүн проект, иш кагаздарды жасатуу үчүн 2215 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялык министрлигинин 2025-жылдын 01-апрелиндеги №09-11/3034 катына ылайык, көпүрө куруу үчүн “Т” түрүндөгү балкаларды Ноокат районунан ташып келүү   үчүн ушул бөлүмдүн 2215 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 350,0 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты, майрамдык иш чараларды өткөрүү үчүн тамак-аш сатып алууга 2218 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 364,1 (үч жүз алтымыш төрт миң бир жүз) сом акча каражаты, ушул бөлүмдүн учурдагы чарбалык буюмдарды сатып алууга 2222 беренесине;

    -70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты, 70823 бөлүмдүн маданият үйдүн ачылышына ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 2215 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты, 70823 бөлүмдүн 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн өткөрүү үчүн 2218 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты, 70823 бөлүмдүн маданият үйдүн ачылышына учурдагы чарбалык буюмдарды сатып алууга 2222 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 240,0 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты, 70823 бөлүмдүн маданият үйдүн ачылышына учурдагы чарбалык буюмдарды сатып алууга 2223 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 240,0 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты, 70823 бөлүмдүн маданият үйүнө керектелүүчү музыкалык аспаптарды сатып алууга 3112 беренесине;

    -70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 13,0 (он үч миң) сом акча каражаты, 70111 бөлүмдүн ачылыш иштерине тамак-аш сатып алууга 2218 беренесине;

    -70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты, 70921 бөлүмдүн Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ЖТР жыйынтыгы менен жогорку балл алган окуучуларды сыйлоого 2215 беренесине;

    — 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 1994,4 (бир миллион тогуз жүз токсон төрт миң төрт жүз) сом акча каражаты, 70921 бөлүмдүн Жолборсту айылындагы спорт залга кошумча корпус жасатууга  3111 беренесине

    Жалпы 70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 5901,5 (беш миллион тогуз жүз бир миң беш жүз) сом акча каражаты кыскартылып, көрсөтүлгөн беренелерге жылдырылсын.

    • Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык

    кеңештин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комитетине билдирүү берип туруу жагы Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.

    • Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сейитбековго жүктөлсүн.
    • Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айыл аймагынын

    айылдык кеңешинин төрагасы:                                                            Т.Султамуратов

    Posted by admin @ 08:59

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]