
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын Токтому №4
2025-жылдын 25-апрели Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы китепкана кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин ,китеп сүйүүчүлөрдүн китепкана менен болгон байланышынын учурдагы абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы китепкана кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин ,китеп сүйүүчүлөрдүн китепкана менен болгон байланышынын учурдагы абалы жөнүндө Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комитетинин мүчөсү Майрыкова Аиданын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы китепканалардан Ф №7-Жаңы-Жөл айылындагы ктипканачы Таштанова Тынаранын жүргүзгөн иштери алгылыктуу деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн алдындагы китепканалар Ф № 20Райкомол,Ф №8 Ак-Жол, Ф№17 Тегене,Ф № 16 Жаңы-Жол балдар китепканасынын башчыларына № 7 Жаңы-Жол китепканасынын базасында китеп сүйүүчүлөрдүн санын кантип көбөйтсө болот жана демөөрчүлөр менен кандай иш алып барууга болт деген темалардын астында семинар өткөрүп Таштанова Тынаранын иш тажрыйбасы жайылтылсын.
3. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага : Т Султамуратов