
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги
IV сессиясынын
Токтому №2
2025-жылдын 25-апрели Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагында жайгашкан башталгыч,негизги жана жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жанакелечек муундарын тамак аш менен камсыздоонун абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгонАк-Жол айыл аймагында жайгашкан башталгыч,негизги жана жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жанакелечек муундарын тамак аш менен камсыздоонун абалы жөнүндө Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комитетинин мүчөсү Майрыкова Аиданын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Жол айыл аймагынын ар бир калктуу конуштарда жайгашкан башталгыч, негизги жана жалпы билим берүү мектептери боюнча”Мерсико” уюмунан каржыланган мектептердеги окуучуларга ысык тамак берүү жагы учур талабына жооп берерлиги белгиленсин.
2.Кээ бир мектептерде атап айтканда №62 Р Темиров атындагы негизги билим берүүчү мектепке продукталар тендершик эмес айылга каттаган таксистер аркылуу жеткирилип калгандыктан жеткирилген продуктанын сапатын атайын комиссия аркылуу тешерилип алуу жагы колго алынсын.
3.Ак-Жол айыл аймагындагы №37 “Тамчы” бала бакчасындагы жүргүзүлүп жаткан иштер алгылыктуу деп табылсын.
4.Ак-Жол айылындагы “Байчечекей” “Султанмуратов Акматбек”,”Ийгилик” атындагы бала бакчаларда балдардын саны кескин азайып кеткендиги эске алынсын жана белгиленген балдардын саны толбосо кыскартуу жүрөрү эскертилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык аймагынын айылдык кеңешининалдындагы бюджет жана соода байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.
6. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага : Т Султамуратов