Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин III чакырылышынын кезектеги
III сессиясынын
Т О К Т О М У №5 /1
2024-жылдын 19-апрели Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын аймагында спирт ичимдиктеринин сатылышын тартипке келтирүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айыылдык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги 5/1 маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын аймагында спирт ичимдиктеринин сатылышын тартипке келтирүү жөнүндөгү маселе боюнча Тегене айылынын депутаттарынын сунуштарынугуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы калктуу конуштар боюнча лицензиясы бар спирт ичимдигин сатуучу бардык точкаларда төмөндөгүдөй тартип киргизилсин:
- Эртең мененки саат 10-00дөн
- Кечки саат 19-00дөн башка убактарда спирт ичимдиктерин сатууга болбостугун бардык соода точкаларынын ээлерине эскертилсин.
- Жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичидигин сатууга тыйуу салынсын.
- Лицензиясы жок спирт ичимдиктерин саткан атуулдарга катаал чара көрүлөрү боюнча эскертүү айыл башчылар жана аймактык учаскалык инспекторлор аркылуу элдин калың массасына жетекирилсин.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.