[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • 2021-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын токтомдору отключены

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы

    Шынаа жана Бел-Өрүк айылдарына

    айыл статусун ыйгаруу жөнүндө

                   

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXX-сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Шынаа жана Бел-Өрүк айылдарына  айыл статусун ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана   талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл аймагынын Бел-Өрүк, Шынаа айылдары айыл статусун алууга талап кылынган нормалары туура келгендиктен аталган айылдарга айыл статусу ыйгарылсын.
    2. Тиешелүү инстанцияларга даярдалган документтерди тактап жөнөтүү айыл өкмөтүнүн катчысына милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловго жүктөлсүн.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругун бекитүү жөнүндө

     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXX -сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругун бекитүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругунда көрсөтүлгөн 2021-жылга карата айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында кызмат көрсөтүүнүн, бада акыларын, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрүн, айып акыларды, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү бааны жана жер тилкелерин ижарага берүүдөгү бааларды бекитүү жөнүндөгү буйругу негиздүү деп табылсын.
    2. Кабыл алынган буйруктагы бардык көрсөткүчтөр, кызмат көрсөтүү тарифтери элдин калың катмарына жеткирилсин.
    3. Бул буйрукту аткарбаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине ылайык жаза чарасы колдонулаары жөнүндө маалымат баардык атуулдарга жеткирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

     

    ТОКТОМУ № 3

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Айыл өкмөтүнүн  борборундагы айылдык  маданият үйүнүн эскилиги жетип авариялык абалга келгендигине байланыштуу жаны курулуш куруу үчүн аны бузууга уруксаат берүү жөнүндө.

     

                   Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXХ -сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси айыл өкмөтүнүн  борборундагы айылдык  маданият үйүнүн эскилиги жетип авариялык абалга келгендигине байланыштуу жаңы курулуш куруу үчүн аны бузууга уруксаат берүү боюнча ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергендин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы

     

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн борборундагы айылдык маданият үйүнүн эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиги туура экендиги белгиленсин.
    2. Жаңы маданият үйүн куруу үчүн эски маданият үйүнүн курулуш материалдарын базар наркында сатыкка коюуга макулдук берилсин.
    3. Эски маданият үйүнүн курулуш материалдарын базар наркында сатыкка коюу үчүн жумушчу комиссия түзүлсүн жана жумушчу комиссиянын курамына аксакалдар кеңешинен, аялдар кеңешинен, айылдык кеңештин депутаттарынан, жаштар уюмунан тартылсын.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айылынын “Моңолдун сайы”учаскасына эмгек ардагери Алыбаев  Алимбектин ысмын  ыйгаруу жөнүндө.

     

     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXХ -сессиясынын күн тартибиндеги    4 маселеси Ак-Жол айылынын “Моңолдун сайы”учаскасына эмгек ардагери Алыбаев  Алимбектин ысмын  ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Эмгектин ардагери, маркум Алыбаев Алимбектин мамлекетке жана элге жасаган үзүрлүү эмгегин баалоо менен “Моңол-Сай” учаскасындагы көчөгө ысымы ыйгарылсын.
    2. Ыйгарылган көчөнүн тазалыгына, сакталышына кам көрүү жагы эмгек ардагери Алыбаев Алимбектин уул-кыздарына милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ №5

    2021-жылдын 17-февралы                                                             Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXX -сессиясынын күн тартибиндеги 5-маселеси Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы көп жылдан берки үзүрлүү эмгегин баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Токтобаев Анаркулга ыйгарылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 6

    2021-жылдын 17-февралы                                                                                             Ак-Жол  айылы.

     

    Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысмын ыйгаруу жөнүндө

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXX -сессиясынын күн тартибиндеги 6-маселеси Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн “Көк бөрү” федерациясынын мүчөлөрүнүн айылдык Кеңешке, айыл өкмөтүнө кайрылган кайрылуусу негиздүү деп табылып, Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысымы ыйгарылсын.
    2. Моңол-Сай учаскасындагы ат майданынын учур таладына ылайык сакталышына жоопкер болуп иш алып баруу жагы уулу Сапаралиев Мырзабекке жүктөлсүн.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Тегене айылынындагы ФАПка Маматова Гулипа Молошовнанын ысмын ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXXсессиясынын күн тартибиндеги 7 маселеси Тегене айылынындагы ФАПка Маматова Гулипа Молошовнанын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Тегене айылынын тургундарынын ден-соолугунун чың-болуусу үчүн көп жылдык эмгегин, ден-соолугун арнаган атуул Маматова Гүлипа Молошовнанын ысмы өзү эмгектенген Тегене айылындагы ФАПка ыйгарылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Оңолов Келсинбекке милдеттендирилсин.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев.

     


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    №8/1 ТОКТОМУ

    2021-жылдын 17-февралы              Ак-Жол айылы

     

    Ак-Жол айылындагы балдар бакчасын уюштуруу жана төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

     

    Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы №198 “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Ак-Жол айылындагы балдар бакчасын уюштуруу максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизХXХ-сессиясы

     

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     

    1. Ак-Жол айылындагы балдар бакчасына бара турган балдарды тамак-аш жана башка керектөөлөрү менен камсыз кылуу үчүн ар бир балага бир күнгө ата-энелери тарабынан 20(жыйырма) сом өлчөмүндөгү төлөм бекитилсин.
    2. Балдар бакчасындагы балдарды үч маал ысык тамак менен жана башка керектөөлөрү менен өз убагында камсыздоо Ак-Жол айылдык балдар бакчасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
    3. Балдардын катышына карап акча каражатынын чогулуусун камсыз кылуу Ак-Жол айылдык балдар бакчасынын жетекчилигине жүктөлсүн.
    4. Чогулган акча каражатын максаттуу пайдалануу жана сатып алууларды жүргүзүү жагы ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин
    5. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна жүктөлсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевгемилдеттендирилсин.
    7. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    №8/2 ТОКТОМУ

    2021-жылдын 17-февралы                                     Ак-Жол айылы

     

    Ак-Жол айылындагы муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык объектилерди ижарага берүү максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизХXХ-сессиясы

     

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     

    1. Ак-Жол айылындагы базарга сатуучулардын, соодагерлердин жана сатып алуучулардын аз санда келип жаткандыгын эске алуу менен Ак-Жол айыл өкмөтүнө төгүлүүчү ижара акынын көлөмү бир айга 3,0(үч миң) сомдон 1,0(миң) сомго түшүрүлсүн.
    2. Базардын ижара акысын ар бир айда Ак-Жол айыл өкмөтүнүн эсебине төгүп туруу жагы Ак-Жол базарынын базаркому Н.Мырзабековго милдеттендирилсин.
    3. Ак-Жол айылындагы эски мечиттин имаратында пластикалык айнек, терезе жасоо менен алектенген Абайдын ишкердигин колдоо жана жеңилдик берүү максатында бир жылга ижара акысынан бошотулсун.
    4. Ак-Жол айылында тиш дарылоочу жай үчүн Ак-Жол айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан берилген бөлмөнү ижарага берүүдө, тиш дарыгер Н.Жабаев тарабынан 7(жети) жашка чейинки балдарга жана 70(жетимиш) жаштагы пенсионерлерге акысыз кызмат көрсөтүү жагын милдеттендирүү менен ижара акысынан бошотулсун.
    5. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевгежүктөлсүн.
    7. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ  №8/3

    2021-жылдын 17-февралы                          Ак-Жол  айылы.  тел: 6-01-05

     

    “Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюмунун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнчаМАК  КЖАПтын өздүк салымын бекитүү жөнүндө жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезексиз ХXХ-сесcиясы

     

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     

    1. Ак-Жолайылөкмөтүнүн 2021-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен МАК (муниципалитеттер аралык кызматташуу) КЖАПты ишке ашыруу үчүн өздүк салым 1000,0(бир миллион) сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен “Ак-Жол тазалык” муниципалдык ишканасына 368,7,0(үч жүз алтымыш сегиз миң жети жүз жыйырма) сом субсидия багытында акча каражаты бөлүнүп берилсин.
    3. “Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюму тарабынан МАК КЖАПты ишке ашыруу үчүн берилүүчү 5000,0(беш миллион) сом өлчөмүндөгү грантты бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча планына отургузулсун.
    4. Ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК КЖАПта катышкан айыл өкмөттөрдүн өздүк салымдарын; Жерге-Тал айыл өкмөтү 350,0(үч жүз элүү миң) сом, Авлетим айыл өкмөтү 400,0(төрт жүз миң) сом, Жаңы-Жол айыл өкмөтү 250,0(эки жүз элүү миң) сом жалпысынан 1000,0(миллион) сом акча каражатын кириштөө максатында бюджеттинкиреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча планына отургузулсун.
    5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Э.Эшалиевге жүктөлсүн.
    6. Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     

     

       

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев

   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]